Глобалдык перспектива-6

Майдаланган өздүктөр

Глобалдык перспектива-6

Глобалдык перспектива-6

Майдаланган өздүктөр

Проф. др. Кудрет Бүлбүл

Барган сайын майдаланган ээликтер адамзатты кайда алып барат?

Биз жашаган доорго, окуяларга караганыбызда Биринчи дүйнөлүк согуштан мурдагысына канчалык окшоп кетет?...

Так эле жүз жылдан мурда дүйнө жүзүн жаңы өздүктөр, жаңы ээликтер курчап алып табына салып күйгүзүп жатты. Император өздүктөргө каршы согуш ачылган эле. Бардык аймактардан көпчүлүгү тексиз, жаңы, тарыхы жок, жаңы жаратылган өздүктөр удургуп чыгып жатты. Натыйжада белгилүү аралыктар менен осмондук, англис, австро-венгрия менен кошо бардык императорлуктар таркады.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Дүйнө жүзү тилекке каршы Француз төңкөрүшүнүн жана улутчулдугунун адам баласына эмдеп салган балээсинен такыр кутула  албай жатат. Бул оору толкун-толкун түрүндө бүткүл дүйнөнү ууландыруусун улантууда. Дүйнө жүзү оор азап тартып башынан өткөргөн эки дүйнөлүк согуш жетпегенсип, дагы деле ушул баш катырма бүткүл өлкөлөрдүн башын айлантууда.

Айлана-чөйрөбүздү караганыбызда 1-Дүйнөлүк согуштан мурункусундай абалды башыбыздан өткөрүүдөбүз. Майдаланган Балкан өлкөлөрү, Чыгыш Европа, Жакынкы Чыгыш жана бөлүнүүнүн босогосундагы Испания...

Бөлүнгөн же бөлүнүү алдында турган мамлекеттер эле эмес. Жаңы жаратылган өлтүрүүчү өздүктөр, атомдой кичирейтилген ээликтер менен бүтүндөй аймактар кудум эле жарылууга даяр тармактарга айланууда же айландырылууда.

Императорлуктар доору соңуна чыкканда жаңы өздүктөр жана жаңы мамлекеттер менен дүйнө жүзү тынчтык тапкан эмес. Тескерисинче дагы көп бөлүнгөн дүйнө менен бүткүл өлкөлөр, дагы көп глобалдык империалист актерлордун кол салуусунун алдында мурдагыдан көп коргоосуз абалда.

Дагы көп майдаланган ээликтер дүйнө жүзүн кайда алып баратат? Этникалык жана секталык бөлүнүүлөр кайда барып токтойт?

Чындыгында бул абал адамзаттын билбеген абалы эмес. Европанын феодалдык мезгилинде, феодалдык байлар алдында жери менен кошо алынып сатылган кулга айландырылган адамзаттын абалы белгилүү.

Осмон мамлекетинен мурда Анадолу бейликтери мезгилинде адамдар канчалык жана кай жерге дейре эркин кыймыл кыла алышчу эле?

Мамлекеттердин, өздүктөрдүн, ээликтердин дагы көп майдаланышы адам баласына экономика, соода, саламаттык сактоо, билим берүү, саякат жагынан күнүмдүк турмушту татаалдаштыруудан башка эмне алып келет? Адамды коомго кошкон, чоң коомчулуктун бир мүчөсү катары сездирген мега өздүктөр майдаланган сайын адам дагы көп өзү жалгыз калат. Бул абал дагы көп психологиялык, социалдык, патологиялык маселелерди мындайча айтканда олуттуу коопсуздук маселелерин да ала келет. Бүгүнкү күндө ал эмес эң чоң мамлекеттер араң белгилей алган, алдын алууда кыйынчылык тартып жаткан кылмыш шайкалары жана террордук уюмдар, бир кишилик же майда топтордон турган террордук уюмдар болуп саналат. Майдаланган, кичирейтилген өздүктөр жана ээликтер менен чындыгында балким өздүксүздөшүп бардык баалуулуктардан кур калтырылган же болбосо кичинекей айланчыгынын ичинде бир гана өзүнө таандык баалуулук жараткан адамдан же майда топтордон дагы коркунучтуу эмне бар?

Эми аймагыбыздын, адамзаттын жана дүйнөнүн төлөгөн беделдери жетпейби? Карапайым калктар жана аймактар, дагы көп майдаланып, курулай этникалык же секталык жикчилдик үчүн дагы канча бедел төлөшү керек? Глобалдык шер борборлорунун «майдала, бөл, башкар» оюнунуна дагы канча ишенет? Бул курулай этникалык жана секталык жикчилдик рационалдуу, адамкерчиликтүү, ахлактуу жана исламдык да эмес.

Андай болсо Нежип Фазыл сыяктуу, «токто калың тополоңдор бул бүдөмүк көчө/ көтөрсөм колдорумду кайчы сыяктуу ачып» деп айтуубуз жана кыйкырышыбыз керекпи?... Адамзат үчүн дагы көп майдаланууну, ажыратууну эмес, дагы көп биригүүнү камсыздай турган климат, ой-пикир, көз караш өнүктүрүшүбүз зарыл. Дагы көп майдаланууга, өзүмчүлдүккө эмес, дагы көп бөлүшүүгө, ахлактык жана принциптик турумга, изгиликке муктаждыгыбыз бар. Глобалдык, адамкерчиликтүү, ахлактуу, исламдык баалуулуктар менен (булар көбүнчө дал келет) тынчтыкта жана ынтымактуу жанаша жашоого дагы көп маани беришибиз керек. Бул багытта саясаттарды иштеп чыгуубуз зарыл.

Бирок кантип?

Чындыгында жооптор белгисиз эмес. Бирок ишке ашырылуусу татаал. Сабырдуулук менен атайын ишке ашыруу керек. Алгач бардык өлкөлөр өз ичиндеги ар башка этникалык, идеологиялык, секталык, диний топторго карата дагы кучактоочу саясаттарды жүргүзүүсү керек. Жүргүзүп жаткан болсо жаңылыш мисалдарга жана айыптоолорго карабастан, бул саясаттарды көөшөрүп улантуу талап кылынат. Дербиш Юнустун айткандары боюнча жаратылганды Жараткандан улам жактыруу керек.

Ушундай түрдөгү саясаттар жүргүзүлгөн болушу мүмкүн. Бирок жетишсиз. Ушул себептен экинчиси балким дагы маанилүү; адам укуктары, негизги укуктар жана эркиндиктер бир-бирден тышкы саясат инструменти катары колдонулбашы керек. Айрым өлкөлөрдөгү ар бир нерсеге стратегиялык инструмент катары караган шер борборлору, башка өлкөлөрдөгү айырмачылыктарды, ал өлкөлөргө зыян тийгизүүнүн чыгымсыз ыкмасы катары карабашы керек. Бул айырмачылыктар ал өлкөлөрдү атыш үчүн бир-бирден кочкордун мүйүзү сыяктуу каралбашы керек.  Ичинде ар башка өздүк жана маданияттарды камтыган өлкөлөр, империалист актерлордун ушундай түрдөгү ыпылас максаттарына каршы абдан сергек болушу зарыл. Жаңылыш ишке ашыруулар менен өз адамын ушундай түрдөгү актерлордун кучагына түртпөшү керек.

Билемин, бул айткандарым көп сандаган адам үчүн бүгүнкү күндүн кызыкчылыкка индекстелген тышкы саясаты жана реалдуу саясаты жагынан болгону жөн гана каалоо катары көрүнөт. Ооба, ошондой ойлогондор, глобалыдк империалист актерлеордун ишке ашыруулары жана максаттары жагынан абдан акылуу. Анда, «бүгүнкү күндүн дүйнөсүнүн реалдуу саясаты ушул» деп баалуулукка индекстелген эч кандай чакырык салбай коелубу? Адамзатты ар ким үчүн орток жакшылыкка чакырбай эле коелубу? Унутулбашы керек, макро саяасаттары бегилөөчү күчтө болбосо да, ар бир өлкөдө, мамлекет ичинде жана тышында шексиз кайдыгер калбаган абдан чоң эл катмары бар. Жана узун мөөнөттө жалаң жакшылар жеңет...

Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.



Тектеш кабарлар