Кыймыл-аракеттин психикалык ден-соолукка пайдасы

АКШда бул боюнча изилдөө жүргүзүлдү.

Кыймыл-аракеттин психикалык ден-соолукка пайдасы

Тартиптүү кыймыл-аракет психикалык ден-соолукка пайдалуу.

АКШда жүргүзүлгөн изилдөөгө катышкан 1,2 миллион кишинин физиологиялык кыймыл-аракет деңгээлине жана психикалык абалдарына баа берилди.

Изилдөөнүн негизинде жумасына 3 же 5 жолу жасалган 45 мүнөттүк кыймыл-аракеттер, велосипед тебүү жана аэробика сыяктуу көнүгүүлөрдүн психикалык ден-соолукка оң таасирин тийгизгени аныкталды.

Изилдөөдө жашы же жынысы айырмаланбастан үй жумуштары менен катар бардык физиологиялык кыймыл-аракеттердин психикалык ден-соолукту жакшырткандыгы белгиленди.

Эки күндө бир жасалган 30-60тан мүнөттүк физиологиялык кыймыл-аракеттин болсо эң пайдалуусу экени баса белгиленди.

Йель университетинен др. Адам Чекроуд, буга чейин канчалык көп кымыл-аракет жасалса ошончолук пайдалуу деген ишенич болгонун белгилеп, бул изилдөөнүн ал ишеничти колдобогонун айтты.

Чекроуд: «Изилдөөгө караганда айда 23төн көп же бир жолкусунда 90 мүнөттөн ашкан кыймыл-аракеттин психикалык ден-соолукка терс таасири бар»,-деди.

Изилдөөнүн жыйынтыгы «Lancet Psychiatry» журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар