НАСА ысымыңызды Марска жөнөтөт

Сиздер да атыңызды Марска жөнөткүңүз келсе НАСАга кайрылыңыздар

НАСА ысымыңызды Марска жөнөтөт

Американын космостук агенттиги (НАСА) ысымын Марска жөнөткүсү келгендерге тарыхый мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Келээрки жылы Марска учурула турган «InSight» космостук кемеси миңдеген кишинин ысымын да кошо ала барат.

Сиз да атыңызды Марска жөнөткүңүз келсе, НАСАга талабыңызды билдирүүңүз жетиштүү болот.

2015-жылы НАСА космостук «InSight» кемеси менен дүйнөнүн бардык жеринен адамдардын ысымдарын Марска жөнөтүү үчүн чакырык салган болчу.

Быйыл эки жылдык процессте 827 миң киши НАСАга кайрылды.

НАСА Марска атын жибергиси келгендердин тизмеси үчүн экинчи чиптин даярдалганын билдирди.

«InSight» космостук кемесинин 2018-жылдын май айында сапарын баштоосу жана 2018-жылдын ноябрь айында кызыл планетага баруусу күтүлүүдө.

«InSight» планетадагы жер титирөөлөрдү, метеор жамгырларын жана таштуу катмарларды иликтейт.


Этикеткалар: ысымын , НАСАга , Марска

Тектеш кабарлар