Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 45

Экинчи араб жазы толкуну жаралабы ?

Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 45

         

 

28 – октябрь жума күнү Марокконун Хусейма шаарында болгон окуя жана андан кийин өлкөнүн түрдүү шаарларында болгон митингдер  2010 -  жылдын акырында Тунисте  жана араб дүйнөсүндө болгондорду эсибизге салды.

2010 -  жылы декабрь айында Тунисте Сиди  Боузид шаарында полициянын кыдырып  сатуучу Мухаммед Буазизинин ишин колунан алып, айрыкча кемсинткен мамиле кылган.

Буазизи жасалган жаман мамилеге каршылык көрсөтүү үчүн өзүн өрттөгөн. Бул окуядан кийин Тунисте башталган окуялар бир топ араб өлкөсүнө жайылды. «Нан, адилеттик, эркиндик» жана «бул  тартип өзгөрүшү керек» деген ураандар менен көчөлөргө чыккан эл бийликке каршы экендигин ортого койгон. Дүйнөлүк коомдук пикирде «араб жазы» деп аталган бул абал кээ бир өлкөлөрдө бийлик алмашууларга себеп болгон.

Мароккодо акыркы бир жуманын ичинде болгон окуялар «Экинчи араб жазы толкуну жаралабы?» деген суроону алып келди. 28 -  октябрь күнү балыкчы Мухсин Фикринин балыктарын коопсуздук күчтөрү таштанды ташыган машинага ыргыткан. Ушул боюнча Мухсин Фикри балыктарын таштандылардан алууга аракет кылган; бирок машинанын  таштандыларды престөө бөлүгүнө кысылып каза тапкан. Фикринин престөөчүгө кысылган денесинин сүрөтү социалдык медиада жайылып, жалпы Мароккодо он миңдеген киши катышкан митингдерге себеп болду. Рабатта Марокко парламентинин алдында болгон митингдерде эл ички иштер министрин арыз берүүгө чакырды.

Марокколук балыкчы Мухсин Фикри менен тунистик сатуучу Мухаммед Буазизи окуялары маанилүү окшоштуктарды көрсөтүүдө. Экөөсү тең эки өлкөнүн  четке кагылган жакыр аймактарынан. Экөөсү тең мамлекеттик кызматкерлеринин кемсинткен мамилесине  дуушар болгон. Экөөсү тең өлүмдү массалардын алдында саясий режимдер күчтөндүргөн адилетсиздик, коррупция жана теңсиздиктин жыйынтыгы болуу өзгөчөлүгүн ташууда.

Бул окшоштуктарга карабастан Мароккодогу митингдердин кыска убакытта, керек болсо аймакта, керек болсо Мароккодо 2010 – 2011 -  жылдардагыга окшогон жыйынтыктарды жаратуусун күтүү жаңылыш болот.

Баарыдан мурда алты жыл мурдагыга караганда бүгүн араб саясий конънктурасы маанилүү өлчөмдө айырмачылыктарды көрсөтүүдө. Тунистин тышында араб көтөрүлүштөрүнүн аянычтуу бүтүшү  токтолуш керек болгон факторлордун башында турат. Араб жазы өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө коомдук талаптар кайгылуу жыйынтыкталууда. Йемен, Ливия жана Сирия бүгүн кандуу жарандык согушту башынан өткөрүүдө. Египетте болсо өткөн мезгилдерди эске салган бир аскердик режим пайда болду. Эң башта Марокко коому бул кыйын мисалдарга карап ушуга окшогон тажрыйбаны жашоону каалабайт.

Айрыкча аймактагы саясий режимдер бардык саясий оппозицияга бөгөт болуу жана таасирсиз абалга алып келүү тууралуу ашыкча чараларды көрүүдө. Коопсуздук себеби менен бул режимдер митингдерди кылмыш катары көрсөткөн, медианы чектеген, интернетти цензуралаган жана жарандык коомго таасир берген чараларды көрүүдө. Бул чаралар кыска убакытта аймакта араб жазынын экинчи толкунун жок кыла тургандай көрүнүүдө. Кошумча катары, маселеге жалпы Мароккону алып карасак Марокко өкмөтүнүн мындай митингдерди кыска убакытта башкарууда жетеринче тажрыйбалуу экендигин көрүүдөбүз. 2010 – 2011- жылдагы араб көтөрүлүштөрү учурунда көргөн чаралар менен Марокко өкмөтү бул багытта жөндөмдүү экендигин көрсөткөн. Ал мезгилде 50дөн ашуун кыштак жана шаарда өткөрүлгөн митингдер режимдин элдин талаптарынын бир бөлүгүнө оң жооп берүү менен басаңдатууда ийгиликтүү болгон.

Марокко өкмөтү жаңы митинг толкунунда да салттык мамилесин ошол бойдон сактады. Митингге чыккандарга кичинекей да болсо кийлигишпегендей эле, митингдин чегинен чыга турган кадамдарды таштоодон алыс болду. Король дароо окуя тууралуу териштирүүнүн ачылышын буйрук кылды жана ички иштер министрин королдун өкүлү катары  көңүл айтуу үчүн Фикринин үй – бүлөсүнө жиберди. Айрыкча митингге чыккандар менен тилектештик ичинде экендигин билдирген маалыматтарды берди.

Король өткөн күндөрдө болгондой мамлекет – коом ортосундагы кагылышууда өзүн кагылышуунун тараптары эмес экендигин көрсөтүүдө ийгиликтүү экендигин көрсөттү. Мында королдуктун коомдун назарында ээ болгон салттык мыйзамдуулугун улантуусунда маанилүү бир салымы бар. Муну менен бирге король өзүнүн борборунда болгон колдоочулук системасынын саясында түзгөн союздштыктар менен абдан кенен жана массага таасирдүү болуу көлөмүн азыр да сактап жатат.

Мароккодогу акыркы митингдердин экинчи араб жазы толкунун жаратуу потенциалы болбосо да олуттуу кароо керек. 2011 -  жылдагы элдин көчөгө чыгуусуна себеп болгон абалдардын азырда жоюла электигин унутпоо керек. Система мурунку кемчиликтерин азыр да улантууда. 2011 -  жылы жасалган чектүү конституциялык өзгөртүүлөр системанын мүнөзүн жана табиятын радикалдуу түрдө өзгөртө албады. Ошондуктан  коом азыр да терең саясий, экономикалык жана коомдук маселелер менен күрөшүүнү улантууда. Буга жооп катары ар бир митингдин алдында режимдин көргөн чаралары терең жаранын үстүн жабуудан башка  эч нерсе кыла албай жатат. Митингдерге себеп болгон негизги маселелер катары коррупция, полициянын күчү жана экономикалык маргиналдашуу барган сайын күч алууда. Бул маселелерди чететтүүдөгү ийгиликсиздик туруктуу боло турган болсо келечекте кан басымын азайтуучу чаралар жетерлик болбой калат.



Тектеш кабарлар