Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 38

Жаңы Тунис өкмөтү бетме – бет келген кыйынчылыктар

Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 38

Араб жазы болгон  Тунис абдан олуттуу экономикалык жана коопсуздук кыйынчылыктар менен бетме – бет. Жаңы өкмөттү куруу менен милдеттендирилген премьер – министр Юсуф Шахид түзгөн Улуттук биримдик өкмөтү 26 -  августта 22 кабыл болбогон добушка каршы 127 кабыл добуш менен парламенттен ишеним добушун алды. Шахид өкмөтү 2011 -  жылдагы төңкөрүштөн бери түзүлгөн жетинчи өкмөт. Көз карандысыз технократ мурунку премьер – министр Хабиб Ессид өкмөтү бийликте турган 18 айдын акырында өзгөчө экономикалык тармакта көрсөткөн күчсүздүгүнөн улам парламенттен ишенимсиздик добушун алуу менен  акырына чыкты.

Шахид тарабынан түзүлгөн улуттук биримдик өкмөтү Тунис тарыхынын эң кенен өкмөтү болуу сыяктуу өзгөчөлүктү көрсөтүүдө.

Нида Тунис партиясы менен Нахда партиясынын түзүшү күтүлгөн коалиция парламентте көпчүлүк болсо да Шахид бардык саясий жана социалдык бөлүктөрдү камтыган улуттук биримдик өкмөтүн курууну тандады. Бул жолдун артында Тунис бетме – бет келген абдан олуттуу маселелер жана чыгаруусу керек болгон радикал чечимдер бар. Бирок өлкөнүн саясий кагылышуулар жана чыр – чатактар менен өткөрө турган убактысы жок. Ошондуктан  бардык бөлүктөр жардам бере турган бир саясий бийликтин түзүлүшү бир гана чара сыяктуу көрүнүүдө.

Дээрлик  ар бир саясий түзүлүштү ичинде кармап тура турган жаңы өкмөт ошол эле учурда салыштырмалуу түрдө жаш болушу жана 8 аял министрден турушу менен да көңүлдөрдү бурууда.

Ишеним добушун бергенден мурда сөз сүйлөгөн Шахиддин бул жагдайларга басым жасоосу көңүлдөрдү бурду :

  • Тактык жана Тунис калкына каршы эсеп берүү жоопкерчилиги,
  • Азыркы учурдагы кризистин ичинен чыгуу үчүн экономикалык жана коопсуздук тармагында катуу чараларды көрүү,
  • Катуу чаралардын көрүлүшүндө негизги максаттын саясий ырааттуулуктун пайдубалы болушу жана
  • 2011-  жылдагы төңкөрүштүн демократия рухуна ар дайым баш ийери.

Жаңы кабинетте көңүлдөрдү бурган башка бир элемент андан мурунку өкмөттүн коргонуу, ички иштер жана тышкы иштер министрлеринин ордун сактап калуусу эле. Бул абал бир караганда андан мурунку өкмөттүн коопсуздук тармагындагы аткарган иштеринин кабыл алынышы деген мааниге да келүүдө. Бирок өлкөнүн өзгөчө жакыр аймактарында таасирин көрсөтүүнү уланткан Аль Каида менен байланышы болгон кыймылдар жагдайдын олуттуулугун жоготпогондугун да көрсөтүүдө. Тунистин 11, 5 миллион калкы бар. Бирок Түндүк Африка өлкөлөрүнөн ДЕАШка эң көп согушчандын Тунистен катышкандыгы да көрүнүүдө.

Тунистин ичинде болгон экономикалык кыйынчылыктын эң чоң көрсөткүчтөрүнөн бирөөсүнүн бул позицияларга дайындалган кишилер экендигин айтууга болот. Финансы министрлигине дайындалган Ламия Зриби банктык сектордо карьери бар ысым. Экономика министри Шакир болсо мурунку Дүйнө банкынын кеңешчилеринен.

Тунис экономикасы чоң өлчөмдө туризмге байланыштуу. 2011 -  жылдан бери келген ыраатсыздык жана күч алган терродук уюмдар өлкөнүн бул турмуштук секторуна абдан чоң соккуну урду. Айрыкча Европа Биримдиги менен болгон экономикалык өнөктөштүк жана Эл аралык акча фондунан алган кредит гарантиялары өлкө үчүн абдан маанилүү. Жаңы өкмөт көрүлө турган ырааттуулук чаралары менен кирешелерин арттырууну жана коомдук сектордогу каржылоолорду чектөөнү максат кылууда. Албетте була абал өзгөчө социалдык коопсуздук жана мамлекет колдоо берген саламаттыкты сактоо секторуна тескери таасир берет. Бул абалдан да эң көп орто жана аз кирешелүү топтордогу бөлүктөр таасирленүүдө. Ошол эле учурда коомдук сектордо иштен чыгаруулар сөз болот. Өлкө ичинде  болгон олуттуу өлчөмдөрдөгү жумушсуздук кризисти ойлогондо мунун абдан кыйын рецепт экендигинде шек жок. Бул абал эмнеден бир Улуттук биримдик өкмөтүнө муктаждыктын бар экендигин да көрсөтүүдө.

Абдан оор экономикалык кыйынчылыктардын ичинде болгон Тунис үчүн ИМФ июнь айында 2,9 миллиард долларлык кердитти бекитти. Ошол эле учурда АКШ жарым миллиард долларлык кредит убада берди. Тунистин алдыңкылыктарынын арасында жумуш менен камсыз кылууну жараткан бир экономикалык өсүүнүн ишке ашуусу орун алууда. 25 пайыздык жаш калкы менен жумушсуздук катнашы жаштарды радикализмге түрткөн эң негизги себептердин бири катары көрүлүүдө. Акыркы бир канча жылдан бери 2 пайыздан ашпаган бир өсүү ылдамдыгы Тунис ичинде болгон кризисти  тереңдетүүдөн башка эч нерсе кыла албай жатат.

Шахид өкмөтү абдан жооптуу тең салмактуулукту түзүшү жана сактоосу керек. Экономикалык жана финансылык кыйынчылыктарды ашып өтүү, жүдөгөн калкты ырааттуулук саясатынын оор рецебине көндүрүү жана потенциалдуу бир социалдык жарылууда демократиялык укуктар жана эркиндиктерге сый көрсөтүлүүсүнө шарт түзүү.

Коопсуздук жана бузулган саясий тартип бүгүн Тунистин эң белгилүү чындыгы. Бул экономикалык өсүүсү жагдайында таштай турган кадамдар үчүн санаа ойготкон  мүнөздө. Бирок болгон бардык бул кыйынчылыктарга карабастан 2011 -  жылдан бери демократиялашуу жактан Тунис маанилүү иштерди да аткарды. Шахид тарабынан түзүлгөн жана өлкөнүн кенен саясий жана социалдык желесин камтыган улуттук биримдик өкмөтү да бул ээ болгондорду жоготууну каалабаган улуттук эрктин үрөөнү.



Тектеш кабарлар