Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш-35

Ичкериде 15-июль төңкөрүш аракетинин мизи майтарылышы тышкарыда Түркиянын жолун ачты.

Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш-35

Ичкериде 15-июль төңкөрүш аракетинин мизи майтарылышы тышкарыда Түркиянын жолун ачты

Түркия көптөн бери бир канча фронттон келген коркунучтарга каршы күрөшүүдө. Түркияга карай ПКК жана ДЕАШ террор кыймылдарында көзгө көрүнгүдөй өсүү байкалды. Айрыкча Түркиянын тышкы аброюн жок кылыш үчүн акыркы бир канча жылдан бери тынымсыз аракет кылган Параллель мамлекеттик түзүмү ФЕТӨнүн 2013-жылдан тарта улуттук эркке ар түрдүү душмандык киришүүсүнө туш болдук. Өлкөнүн мыйзамдуу өкмөтүн соңуна чыгарууну максаттаган 15-июль козголоңу бул түзүмдүн эң опузалуу киришүүсү болду. Бул козголоң бир эле убакта Түркияны эл аралык аренада толугу менен кыймылсыз жана демилге көтөрө алгыс абалга келтирүү аракети эле.

Ошондуктан Президенттин чакыруусу боюнча элдин төңкөрүш аракетине каршы туруу максатында көчөлөргө чыгышы жана бир ай бою демократия нөөмөтүндө турушу Түркияга багытталган бардык эсептерди ойрон кылды. Төңкөрүш аракетинин четке кагылышы ичкериде улуттук эрктин айланасында чогулган катмарды күчтөндүрдү. Өлкө тышында болсо Түркиянын колу- бутун байлоо аракеттерин түртүп салды жана өлкө тышында маневр аянттарын кеңейтти. Мына ошол кеңейген маневр күчүнөн улам Түркия 15-июлдан мурда ниеттенген бирок аткара албаган кадамды 24-августта таштады.

20-август күнү үйлөнүү тоюуна бомбалуу кол салуу болуп, 54 кишинин өмүрү кыйылганынын себебинен Түркия аракетке өттү. Акыркы 12 айда Түркияда ДЕАШ кыймылдарынын себебинен өмүрү кыйылгандардын саны 170 кишиге жетти. Эми бул токтотулушу керек эле. Түркиянын ичинде уюмдун жайгашкан жерлеринин жок кылынышы үчүн көп убактан бери күрөш жүргүзүлүп жаткан. Бирок эми булагын жок кылыш үчүн кыймыл кылуу шарт болуп калды.

Түркия учурда чек арасына багытталган коркунучтарды жеңип чыгуу үчүн ар кайсы фронттордон келген коркунучтарды бир убакта жана бири-бири менен байланыштуу түрдө күрөш жүргүзүлүшү керек болгон коркунучтар катары кароодо. Маселеге эмне үчүн ушундай түрдө каралганынын эки себеби бар. Биринчиси;бул коркунучтардын себептери жана чыккан жерлери башка болуп көрүнсө дагы жалгыз бир бутага чогулган абалда. Экинчиси; бир убакта кыймыл кылган, бири-бири менен органикалык байланышы бар сыяктуу көрүнүштү берген мүнөзгө ээ болууда. Кыскасы Түркия бир эле лигада орун алган ар башка душмандардын орток бутасы абалына айланыптыр. Ушул себептен ФЕТӨ операциялары менен катар Сирияда да керектүү кадам ташталган болду.

Жалгыз жогорудагы ачыктоодон да түшүнүктүү болгону сыяктуу Сирияга карай операциянын жалгыз максаты Жераблус жана айланасынан ДЕАШтын кубаналанышы эле эмес. Бир эле убакта Сирияда ДЕАШтын болушун стратегиялык ижарага айландырган ПЙД-ЙПГнын турушуна каршы да Түркия кыймылын баштады. АКШнын жана айрым учурда Орусиянын да колдоосу менен өзү көзөмөлүндө кармаган жерлерди тынымсыз кеңейткен бул уюм көптөн бери Түркия жагынан коопсуздук коркунучун камтууда. Ошондуктан ПЙДга токто деп айтуу да өзү эле Түркиянын террорго каршы күрөшүнүн берки маанилүү жагын түзүп турат.

ДЕАШтын 2014-жылда капыстан Иракта жана Сирияда атынан көп сөз кылдырган актер катары чыга калышы, АКШнын Сириянын күрт уюмдарынан ПЙД жана анын куралдуу күчү ЙПГ менен абдан жакын мамиле түзүүсүнө себеп болгон. Бул абал Түркия үчүн башынан баштап маселе туудурду. Анткени Түркия жагынан алып караганда ПЙД-ЙПГ Сириядагы ПКК болуп эсептелет. Башкача айтканда 1970-жылдардан бери Түркияга каршы зомбулук кылган террор уюму ПККнын уландысы. Акыркы 1,5 жылдын ичинде ПЙДнын тынымсыз аянтын кеңейтишин, Түркия өз коопсуздугуна карай коркунуч катары кабыл алды.

Асад режиминин оппозициячылдарына карай Орусиянын 2015-жылдын сентябрында баштаткан операциялары ПЙД үчүн абдан ыйгайлуу чөйрөнү жаратты. Уюм Сириянын түндүгүндө Түркиянын чек арасын толугу менен камтыган аянтты өз карамагына алгыдай кыймыл баштады. АКШнын ПККны террор уюму катары эсептегенине карабастан ПЙДны башкача категорияга коюшу да ПЙДнын тайманбай киришине өбөлгө болду.

Бирок ПЙДнын Түркиянын эскертүүлөрүнө карабастан Эвфраттын батышында илегрилеши Түркия жагынан кызыл сызыктан өтүлгөнү түшүнүгүн берди. Сириянын түндүгүндөгү ПЙДнын текшерүүсү астындагы аянттардын бириктирилиши жана Түркиянын Араб жакынкы чыгышы менен орток чек арасынын үзүлүшү Түркия жагынан кабыл алынгыс абалды көрсөтүүдө. Айрыкча Түркиянын Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн корголушуна карата  саясаты жагынан да ПЙДнын бул акыркы киришүүсү кабыл алынгыс мүнөздө. Акыркы күндөрдө ПЙДнын хасекедеги Асад режими күчтөрүнө карата кыймылы да уюмдун таасир аянтын күн өткөн сайын кеңейтүүнү жактаган саясатынын башка бир далили болгон. Түркиянын Сириянын территоиясында жүргүзгөн операциясына «Эвфрат калканы» деген ат коюлду. ПЙДга жана жактоочуларына каршы кызыл сызыктын эскертилиши түшүнүгүн да берип турат.

Дагы бир жагдайга сөзсүз токтолушубуз керек. Орусиянын бул операцияга каршы болсо дагы жок деп айтпоосу абдан маанилүү. Орусия каршы чыкса АКШнын да операцияга колдоо көрсөтүшү кыйын болмок. Айрыкча Түркия-Америка карым-катнаштарында акыркы убакта болгон чыңалууга карабастан бул операцияда жасалган кызматташуунун өзгөчө мааниси бар. Буга кошумча АКШ, ПЙД-ЙПГга Эвфраттын чыгышына чегиниши чакырыгын салышын да айта кетишибиз керек. Айрыкча Эсад өкмөтүнүн операцияга каршы чыгуусу абдан күчсүз болгону сыяктуу эле, эң терең шериктеши Ирандан да катуу каршылык келген жок.

Эгерде 15-июлдан мурда ушундай операцияга киришкенде Орусия, Иран жана Асад режиминен кандай каршылык көрөт эле? АКШнын ПЙДга карай ыктымалдуу мамилеси кандай болот эле? Бул суроолорго жооп иретинде муну айта алабыз; бул процесстин жолу 15-июлдагы төңкөрүш аракетинин мизи майтарылышы менен ачылды. Учурдагы конюктурада Режеп Таййип Эрдогансыз Түркиянын жана Түркия болбостон да аймакта теңдемеинин түзүлүшү мүмкүн болбогону дагы так түшүнүктүү болду.

 



Тектеш кабарлар