Кремлдин катчысы Дмитрий Песков Түрк Агым долбоору тууралуу маалыматтарды берди

Түрк Агым жаратылыш газ түтүк жолу долбоору Европанын энергетика коопсуздугуна чыныгы салым кошот.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков Түрк Агым  долбоору тууралуу маалыматтарды берди

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков Түрк Агым жаратылыш газ түтүк жолу долбоорунун Европанын энергетика коопсуздугуна чыныгы салым кошорун айтты.

Песков Россия – 1 телкөрсөтүү каналына Түрк Агым жаратылыш газ түтүк жолу долбоору тууралуу маалыматтарды берди.

Түрк Агымы Европанын энергетика коопсуздугу үчүн популист бир кыймыл эмес экендигин белгилеген Дмитрий Песков : «Бул энергетика коопсуздугуна кошулган чыныгы салым. Себеби абдан кыска убакыттан кийин бул бир гана Түркияга барбайт. Бир гана түрк экономикасынын өнүгүшүнө салым кошпойт, европалык керектөөчүлөргө да барат»,- деди.

Песков көптөгөн өлкөнүн Түрк Агым жаратылыш газ түтүк жолун өз өлкөсүнө жеткирүү жагдайын күн тартибине алып келгендигин белгиледи.

Түрк Агым жаратылыш газ түтүк жолунун деңиз бөлүгүнүн акырына чыгышы менен президент Р. Т. Эрдоган жана Орусиянын президенти В. Путиндин катышуусу менен бүгүн Стамбулда азем өткөрүлөт.

Орус жаратылыш газын Түркияга жана Европага өткөрө турган Түрк Агым жаратылыш газ түтүк жолу долбоору Кара деңиздин астына төшөлгөн ар бири 15, 75 миллиард метр кубдук көлөмгө ээ 930 километр узундуктагы 2 түтүк жолунан турат.

Биринчи жолдун Түркияга, бирөөсүнүн Европа өлкөлөрүнө жаратылыш газ өткөрүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар