Чавушоглу:«АКШ атуулдарынын кол тийбестиги жок экенин түшүндү деп ойлойм»

Мевлүт Чавушоглу, Лондондо журналисттерге берген маалыматында АКШлык кечил Эндрю Брансондун сот иштерине токтолду.

Чавушоглу:«АКШ атуулдарынын кол тийбестиги жок экенин түшүндү деп ойлойм»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, террордук уюмдар менен байланышы болгон америкалык кечил Эндрю Крег Брансондун сот иштери тууралуу сереп салуусунда «АКШ атуулдарынын кол тийбестиги жок экенин түшүндү деп ойлойм»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу, Англиянын тышкы иштер министри Жереми Хант менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүү жана ой-пикир мекемеси Chatham Houseдун «Өзгөргөн дүйнө тартибинде Европа» темалуу тегерек үстөл жыйынында сөз сүйлөө үчүн Англиянын борбор шаары Лондонго учуп кетти.

Мевлүт Чавушоглу, Лондондо журналисттерге берген маалыматында АКШлык кечил Эндрю Брансондун сот иштерине токтолду.

Мевлүт Чавушоглу, 15-октябрга дейре улана турган сапарында ой-пикир мекемеси Chatham Houseдун ««Өзгөргөн дүйнө тартибинде Европа» темалуу тегерек үстөл жыйынында сөз сүйлөйт жана Англиянын тышкы иштер министри Жереми Хант менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Brize Norton аскердик аэропортунда тосулуп алынган Чавушоглунун Англиянын тышкы иштер министри менен боло турган жолугушууларында саясий жана экономикалык карым-катнаштар, коопсуздук жана террор менен күрөшүү тармактарында кызматташтык сыяктуу темалар менен катар Сириядагы акыркы абал, ЕБне тиешелүү темалар жана Англиянын ЕБнен бөлүнүү процесси (brexit) темаларында пикир алмашуусу күтүлүүдө.

 

 


Этикеткалар: Брансон , Чавушоглу

Тектеш кабарлар