Эрдоган менен Путин Идлибде куралсыз аймак түзүлүүсү темасында макулдашты

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана кесиптеши Владимир Путин, Сириянын Идлиб аймагында куралдардан тазаланган аймак түзүлүүсү боюнча макулдашты.

Эрдоган менен Путин Идлибде куралсыз аймак түзүлүүсү темасында макулдашты

Идлибде адамзат трагедиясына Түркиянын тынымсыз аракеттери менен бөгөт коюлду.

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана акыркы 10 күндө эки жолу жолуккан орус кесиптеши Владимир Путин, Сириянын Идлиб аймагында куралдардан тазаланган аймак түзүлүүсү боюнча макулдашты.

Эки лидер Сочиде бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Маалымат жыйынында биринчи сөз алган үй ээси Путин, конок президент Эрдоган менен соодадан тартып эки тараптуу карым-катнаштарды карап чыккандарын айтты.

Соодада улуттук акча колдонууга басым жасаган Путин, биргелешкен энергетика долбоорлорунун улана турганын билдирди.

Маданият жана туризм темаларын да карап чыккандарын айткан орус лидер, негизги күн тартип беренесин болсо Идлиб түзгөнүн жана бул темада маанилүү макулдашууларга жетишкендерин айтты.

Сириядагы орус базаларына кол салуу коркунучунан шектенгендерин белгилеген Путин: «Оппозициячыл топтордун Идлибде 15-20 чакырымдык куралсыз аймак түзүлүүсү үчүн жанына оор куралдарды алып чыгып кетүүсүнө чечим чыгардык»,-деди.

Эрдоган болсо сөздөрүнө Орусияга келгендиги үчүн кубанычта болгонун айтуу менен баштап, эки тараптуу кызматташтыктын бардык тармакта биргелешкен саясий эрктин негизинде илгерилегенине басым жасады.

Путин менен Сирия темасында пикир алмашкандарын айткан Эрдоган: «Идлибде 15-октябрдан тарта куралдардан тазаланган коопсуз аймак түзүлүп, оппозициячылдар дагы, режим күчтөрүнүн дагы турган жерлеринде калуулары темасында макулдаштык»,-деди.

Куралсыздандырылган аймактын коопсуздугунун түрк жана орус күчтөрүнүн координациясы менен камсыздала турганын белгилеген Эрдоган, ушундайча Идлибде чоң адамзат апаатына бөгөт коюла турганын белгиледи.

Сириянын конституция комитетинин иштерин аяктоосу жана андан соң өткөрүлө турган шайлоолордо Сирия калкынын өз тандоосун жасашын каалаган Эрдоган: «Террорист топтор бир гана Идлибде эмес. Эң чоң коркунуч Евфрат дарыясынын чыгышында кыймылын жүргүзгөн жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ болуп саналат»,-деп баса белгиледи.

Эрдоган жана Путин,7-сентябрда дагы Ирандын борбор шаары Тегеранда үй ээси Хасан Рухани менен бирге Идлиб темалуу үчтүк саммит өткөрүшкөн.


Этикеткалар: Идлиб , Путин , Эрдоган

Тектеш кабарлар