Хатайга жөнөтүлгөн аскердик конвой жетти

Сирия чек арасындагы бөлүктөргө кошумча түрдө жөнөтүлгөн пушка, зооттолгон кызматкер ташуучу унаа, танка жана десанттык бөлүктөр кечээ Хатайга жетти.

Хатайга жөнөтүлгөн аскердик конвой  жетти

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сирия чек арасындагы бөлүктөргө кошумча түрдө жөнөтүлгөн пушка, зооттолгон кызматкер ташуучу унаа, танка жана десанттык бөлүктөр кечээ Хатайга жетти.

Пушка, зооттолгон кызматкер ташуучу унаа, танка жана десанттык бөлүктөрдөн турган аскердик конвой, Хатайдын Хасса районунан өтүп коопсуздук чара көрүүлөрүнүн коштоосунда Кырыкханга барды.

Аскердик унаалар андан кийин Сирия чек арасына өткөрүлдү.

Коопсуздук чара көрүүлөрүнүн коштоосунда илгерилеген аскердик унаалардын, чек арада жайгашкан бөлүктөргө кошумча түрдө жөнөтүлгөнү белгилүү болду.



Тектеш кабарлар