Башкы штаб төрагасы Газиантеп жана Хатайга барды

Түрк куралдуу күчтөрү акыркы күндөрдө Хатайдагы бөлүктөрдү күчтөндүрүүдө.

Башкы штаб төрагасы Газиантеп жана Хатайга барды

Башкы штаб төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер менен кургактык күчтөрү командири, армия генералы Үмит Дүндар, Газиантеп жана Хатайдагы бөлүктөрдө иликтөөлөрдү жүргүздү.

Башкы штабдын төрагалыгынын жарыясына караганда башкы штаб төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер менен аны коштогон кургактык күчтөрү командири, армия генералы Үмит Дүндар, Газиантеп жана Хатайдагы штабдарга бет алды.

Командирлер, аты аталган аймактагы бөлүк жана штабдарда иликтөө жана текшерүүлөрдү жүргүздү.

Түрк куралдуу күчтөрү акыркы күндөрдө аймактагы бөлүктөрдү күчтөндүрүүдө.


Этикеткалар: Хатай , Яшар Гүлер

Тектеш кабарлар