Түркия Ооганстанга жардам көрсөттү

Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк кутусу таратылды.

Түркия Ооганстанга жардам көрсөттү

Ооганстандын Жевизжан аймагында Түркиянын Апаат жана өзгөчө кырдаалды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) координациясында 2500 азык-түлүк кутусу таратылды.

AFADтын интернет барагында орун алган маалыматка караганда AFADтын Ооганстандагы гуманитардык жардам тобу, Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өлкөдөгү директору Златан Милисич, Ооганстандын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Мухаммед Касем Хайдари жана Түрк Кызылайынын Ооганстандагы делегациясы менен өлкөдөгү жардамга муктаж адамдардын белгилениши жана жардам абалынын анализин чыгаруу үчүн жыйналыш өткөрүштү.

Аткарылган иш аракеттерден кийин даярдыктарын бүтүргөн AFAD топтору, Гераттан кийин Ооганстандын түндүгүндөгү Жевизжан аймагындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 2500 азык-түлүк кутусун таратты.

Түркиянын Мазари Шарифтеги башкы консулдугунун кызматташуусу менен таратылган азык-түлүк кутуларынын ичинде; 10 кг күрүч, 5 литр суу май, 3 кг кум шекер, 2 кг чай, 2 кг макарон, 3 кг кургак фасол болуп жалпы 25 кг азык-заттар кутуга жайгаштырылган.

AFADдын гуманитардык жардам тобу, Ооганстанда жардамга муктаж адамдар жашаган берки аймактарга карай гуманитардык жардам иш-аракеттери улана турганын билдирди.



Тектеш кабарлар