Эрдоган АКШга катуу каршылык көрсөттү

Эрдоган, доллар курсу аркылуу Түркияга экономикалык согуш баштагандарга катуу каршылык көрсөттү.

Эрдоган АКШга катуу каршылык көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, доллар курсу аркылуу Түркияга экономикалык согуш баштагандарга катуу каршылык көрсөттү.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, АК партиянын Трабзондогу облустук башчылыгынын кеңейтилген облустук кеңешүү кеңешинин жыйналышына катышып сөз сүйлөдү.

Эрдоган, Түркиянын бардык тармакта өнүгүп жатканын көрө албагандардын Түркияда (2016-жылы 15-июлда) төңкөрүш менен кыла албагандарын валюта курсу менен кылууга аракет кылгандарын айтты.

Эрдоган, жаман ниеттүү чөйрөлөрдүн валюта курсун жогорулатуу менен Түркияга операция кылып өлкөнүн коргонуу механизмдерин начарлатып улутту чөгөлөткүсү келгендерге шилтеме кылды.

«Бул оюнду көрдүк жана жеңип чыгабыз»,-деп айткан Эрдоган: «Өндүрүүнү, экспортту арттырууну, жумуш орундарын өнүктүрүүнү, рекорддук өсүүбүздү улантабыз. Бизге доллар менен келгендерге башкача жолдор менен күрөшүүбүздү улантабыз»,-деди.

Түркияга каршы экономикалык кадам таштаган АКШга үн каткан Эрдоган: «Сени менен Ооганстанда,Сомалиде, Боснияда бирге болдук. Учурда Кабулдагы аэропортту биз коргоодобуз.Ушундай стратегиялык өнөктөшүңдү ПЙД/ЙПГ сыяктуу террор уюмдарын колдоп кантип четке кагып коесун?»,деген сөздөрү менен каршы чыкты.

Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ жана жикчил террор уюму ПКК менен байланышы болгон америкалык кечилдин Түркияда жоопко тартылышын кабыл ала албаган АКШны эскерткен Эрдоган: «Буйрук менен Түркияны моюн сундура албайсынар. Укук тилинен түшүнбөгөндөрү көрүнүп турат. Башка тилди түшүнүшөт анда. Биз ал тил менен сүйлөгөндү да билебиз. Бүткүл дүйнөгө соода согушун жарыялагандарга жообубузду жаңы шериктештиктер, жаңы кызматташтыктар менен беребиз»,-деди.

Эрдоган: «Ушундай бир өлкөнүн аяктарына доллар чырмалды деп аксай турганын ойлоо акмакчылык болот»,-деп айтты.


Этикеткалар: АКШга , Түркияда , Эрдоган

Тектеш кабарлар