Түркия-АКШ карым-катнаштарындагы кризис тууралуу

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын «Түркия-АКШ карым-катнаштарындагы кризис тууралуу» темалуу макаласы.

Түркия-АКШ карым-катнаштарындагы кризис тууралуу

Түркия-АКШ карым-катнаштарындагы кризис тууралуу...

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, АКШ бийлигинин Түркиядан ажырап калуу коркунучуна туш келгенин белгиледи.

Ибрахим Калын «Daily Sabah» гезитине «Түркия-АКШ карым-катнаштарындагы кризис тууралуу» темалуу макала жазды.

Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетин кылганда бир топ эл аралык аналисттин Түркия мамлекетинин жана экономикасынын толугу менен кыйрай турганын божомолдогонун эске салган Калын, бирок Түркиянын бул караңгы түндөн дагы күчтөнүп чыгып саясий ырааттуулук жана экономикалык өнүгүү жолунда илгерилегенин белгиледи.

Калын, бул окуядан бери эки жыл өтсө дагы Трамп башкаруучулугу менен бир кечилдин айынан болуп жаткан учурдагы кризис жана валюта базарларында болуп жаткан толкундоолордун Түркиянын чечкиндүүлүгүн азайтпай турганына басым жасады.

Быйыл Түркияга орто эсеп менен 40 миллион туристтин келиши күтүлгөнүн маалымдаган Калын, ири мамлекеттик долбоорлор пландалганы сыяктуу уланып жатканын, булардын бардыгынын Түркиянын мамлекеттик мекемелеринин жана экономикасынын канчалык күчтүү экенин ортого салып турганын белгиледи.

АКШ долларындагы спекуляциялык жогорулоого да токтолгон Калын: «Түркия, бул кыйынчылыктар менен күрөшүүгө даяр. Негизинен бул тема валюта согушунан дагы терең. Трамп башкаруучулугунун террор кылмышы менен үй камагында жаткан кечил Брансон маселесинин себеби менен эки министрибизге санкция киргизүү чечими Түркия-Америка карым-катнаштарынын түпкө түшүүсүнө себепчи болду. Түркия тарабынан маселени дипломатиялык каналдардан чечүүгө аракеттенүүлөрү, жакшы ниети жана натыйжа алууга карай мамилеси Трамп башкаруучулугунун идеологиялык мамилеси жана макулдашылгыс мамилесинин себебинен четке кагылды»,-деди.

Түркиянын коопсуздук санааркоолорунун НАТО шериктеши тарабынан олуттуу каралышы талабын кылууда толугу менен укуктуу болгонун баса белгилеген Калын: «Бирок АКШ, жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы болгон ПЙД/ЙПГ (PYG/YPG) менен кызматташуу темасында Түркиянын каршы чыгууларын эске алган жок. АКШдагы ФЕТӨ түзүмү темасында да кадам таштаган жок»,деген серебин салды.

Калын, АКШнын Түркиядан толугу менен ажыроо коркунучуна туш келгенин белгилеп өттү.

Калын: «Түркияда коомдук пикирдин толугу, мыйзамдуу коопсуздук санааркоолорубузду көрмөксөнгө салган Американын саясаттарына каршы. Түркияга багытталган коркутуулар, санкциялар же опузалоолор эч кандай ишке жарабайт. Бир гана Түркиянын чечкиндүүлүгүн бекемдейт жана АКШны Түркияда жана ошондой эле эл аралык коомчулукта жалгыздаштырат. Трамп башкаруучулугу ушул убакка дейре Канада, Мексика, Куба, Кытай, Орусия, НАТО, Германия жана бир топ башка өлкө менен өзгөчө ички күн тартибинин себебинен кайым айтышты. Бул абал АКШнын коопсуз дос жана шериктеш катары аброюна шек келтирди. Түркиядагы түшүнүк да мындан башкача эмес»,-деп жазды.


Этикеткалар: Түркия-АКШ

Тектеш кабарлар