Түркиянын соода министрлиги АКШнын салыктары ДСУ эрежелерине баш ийбегенин билдирди

Түркиянын соода министрлиги АКШнын салыктары ДСУ эрежелерине баш ийбегенин билдирди

Түркиянын соода министрлиги АКШнын салыктары ДСУ эрежелерине баш ийбегенин билдирди

Соода министрлиги АКШ башкаруучулугунун Түркияга карай жарыялаган  болот жана алюминийге киргизген кошумча салыктары Дүйнөлүк Соода Уюмунун (ДСУ) эрежелерине туура келбей турганын билдирди.

Министрлик, Түркиядан жасала турган алюминий жана болот импортунда бажы салыктарынын катары менен 20 пайыз жана 50 пайызга чыгарыла турганын жарыялаган АКШ бийлигинин, бул ишке ашырууну 2018-жылдын 23-мартында бардык өлкөлөргө карай катары менен 10 пайыз жана 25 пайыз түрүндө күчүнө киргизгенин эске салып, «АКШ бийлиги тарабынан чыгарылган чечимдерде негизги жоготууга учураган эки өлкөнүн өндүрүшчүлөрү, жеке менчик секторлору жана экспортчулары»,делди.

Анда айрыкча, «АКШ бийлиги тарабынан мындан мурда жарыяланган болот  жана алюминийдин бажы салыктары менен катар бүгүн жарыяланган кошумча салыктар, Дүйнөлүк Соода Уюмунун (ДСУ) эрежелерине терс түшөт»,деп билдирилди.

Анда, «Түркия өзүнүн соода саясатын ДСУнун эрежелерине ылайыктуу түрдө белгилегени жана ишке ашырганы сыяктуу, берки мүчө өлкөлөрдөн дагы эл аралык эрежелерге ушундай эле кылдаттык менен баш ийилишин күтүүдө»деген сүйлөм баса белгиленди.


Этикеткалар: Соода министрлиги

Тектеш кабарлар