Президент Эрдоган Европа Парламентине каршылык көрсөттү

Эрдоган, Эрзурумдагы сөз сүйлөөсүндө: «Эй Европа Парламенти сиз бул улутка качантан бери акыл айта баштадыңыз? Ал акылды өзүңүзгө сактаңыз»,-деди.

Президент Эрдоган Европа Парламентине каршылык көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа Парламентинин (ЕП) Түркиянын Сирияда улантып жаткан «Зайтун бутагы» кыймылы тууралуу токтомуна дагы бир жолу каршылык көрсөттү.

Эрдоган, Эрзурумдагы сөз сүйлөөсүндө: «Эй Европа Парламенти сиз бул улутка качантан бери акыл айта баштадыңыз? Ал акылды өзүңүзгө сактаңыз»,-деди.

Эрдоган ЕПнин кечээ чыгарган «Зайтун бутагы» операциясы тууралуу токтомуна, «3,5 миллион сириялыкты 7 жылдан бери багып жаткан бизбиз. Каалгаларды ачып жиберсек кача турган тешик издемексиңер, тешик. Бизге жалбардыңыз, «Сизден сураныч каалгаларды ача көрбөңүздөр» дедиңер. Биз адамкерчиликтүү мамиле кылдык, бирок сиз адамкерчиликти түшүнбөйсүздөр да. Эми да каалаган токтомду чыгара бергиле, ал бир кулактан кирип экинчисинен чыгат. Сиз чыгарган токтомдордун ансыз деле эч кандай баасы, баркы жок, жараксыз»,-деп айтты.

ЕПнын Башкы Ассамблеясынын отурумунда кечээ кабыл алынган мыйзам долбоорунда, Түркияны Афринге карай «Зайтун бутагы» операциясын токтотууга чакырып, бул кыймылдын жарандарды бутага алганын жакташты. Африндеги чыңалууга санааркагандары белгиленген токтомдо, Түркиянын Афринден аскерлерин чыгарып кетиши жана конструктивдүү роль ойноосу боюнча чакырык салынды. Токтомдо, «Афринден жарандар каза болуп жатканы жөнүндө кабарлар келгени» айтылып, «БУУ тарабынан террор уюму деп эсептелген топтордун жеңилүүгө учуратылышы менен алектенүү» талап кылынган.

 



Тектеш кабарлар