Террористтердин канкор жүздөрү ачыкка чыкты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бештепедеги «Миллет» конгресс жана маданият борборунда «Жакшылык сыйлыктары» программасында сөз сүйлөдү.

Террористтердин канкор жүздөрү ачыкка чыкты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Батыш медиасында мода иконасы сыяктуу соодаланган террористтердин жапайы, мыкаачы жана канкор жүздөрү ачыкка чыкканын айтты.

Эрдоган, Бештепедеги «Миллет» конгресс жана маданият борборунда «Жакшылык сыйлыктары» программасында сөз сүйлөдү.

Сөзүндө Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сириянын Африн аймагын жикчил террор уюму ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШтын мүчөлөрүнөн тазалоо, дос жана туууган аймак калкын кысым жана зулумдуктардан куткаруу үчүн 20-январда баштаткан «Зайтун бутагы» кыймылына токтолгон Эрдоган, ушул убакка дейре 3400 террористтин жок кылынганын айтты.

Эрдоган: «Адамкерчиликтен, адилеттик жана ырайымдуулуктан баш тартпастан, биз тууралуу жүргүзүлүп жаткан каралоо пропогандасына алдырбастан Афринди, Менбичти жана Сириянын түндүгүн бул мыкаачы үйүрлөрүнөн толугу менен тазалайбыз»,-деди.

Батыш медиасында террористтердин кудум эле рекламасы жасалганын баса белгилеген Эрдоган: «Мода иконасы сыяктуу соодаланган террористтердин жапайы, мыкаачы жана канкор жүздөрү ачыкка чыгууда. Мехметчиктерибиз, Эркин Сирия армиясы менен бирге террористтерден тазалаган ар бир жер бөлүкчөсү менен аймак калкынын келечегин да куткарууда»,-деп айтты.

Эрдоган, ДЕАШ шылтоосу менен аймакта ыпылас оюндар ойнолуп жатканын, бирок бул оюндарды бузгандарына басым жасады.



Тектеш кабарлар