Террористтер жок кылынууда

«Зайтун бутагы» операциясында жок кылынган террористтердин саны 3444кө жетти.

Террористтер жок кылынууда

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында улантылып жаткан «Зайтун бутагы» операциясында жок кылынган террористтердин саны 3444кө жетти.

Башкы штабдын төрагалыгынын билдирүүсүнө караганда, Сириянын түндүк-батышындагы Африн аймагында террордук уюмдар ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерди жок кылуу, дос жана боордош аймак элин кысым жана зулумдуктан куткаруу үчүн 20-январда башталган «Зайтун бутагы» операциясы уланып жатат.

Билдирүүдө операция башталгандан бери жок кылынган террористтердин саны 3444кө жеткени маалымдалды.



Тектеш кабарлар