Ван көлү ак куулар менен фламинголорду тосуп алды

Ван көлүнүн жээги ак куулар, фламинголор жана башка куш түрлөрү менен көптөгөн зыяратчынын кызыгуусун тартууда.

Ван көлү ак куулар менен фламинголорду тосуп алды

Жыл сайын кыш мезгилинде коноктоо үчүн Сибирден Ван көлүндөгү суулуу аянттарга келген ак кууларга бул жылы абанын  жылуулугунан улам  аймактан учуп кетпеген фламинголор да кошулду.

Түркиянын суулуу аянттарынын бештен бир бөлүгүн түзгөн жана бир топ куш түрү болгон Ван көлүнүн жээгиндеги Гөрүндү, Карасу, Йолдөндү суулуу аянттары менен Бендимахи өзөнү жана Эрчек көлүнө келген ак куулар, фламинголор жана башка куш түрлөрү менен көптөгөн зыяратчынын кызыгуусун тартууда.

Ван Йүзүнжү Йыл университетинин жапайы турмушту коргоо жана калыбына келтирүү борборунун директору доцент Локман Аслан суулуу аянттардын экосистемага маанилүү салым кошкондугун баса белгилеп : «Ван көлү аймагындагы суулуу аянттардын көп бузулбашы тегерегиндеги жапайы жаныбардардын түрдүүлүгүнө жана куш түрлөрүнүн көбөйүшүнө мүмкүнчүлүк түзүүдө. Аянтта 200дөн ашуун куш түрү бар. Фламинголор, турналар, Сибирден келген ак куулар, сайроочу куштар Ван көлүнүн  суулуу аянттарына келишүүдө. Бул жылы абанын ысык болушу менен кетиши керек болгон фламинголордун бир бөлүгү да бул жерде калды»,- деди.



Тектеш кабарлар