Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын DailySabah гезитинде чыккан макаласы

Белгисиздик жагдай жана жөнөкөйлүктүн доору

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын DailySabah гезитинде чыккан макаласы

 

Ээси экендигибизди айткан дүйнөнү кыйратуу менен өзүбүздүн бул күнүбүздү, келечегибизди жок кылып жатабыз. Бул жөнөкөй бирок негизги чындыкты көп өтпөстөн  түшүнөбүз деп ойлойм.

Белгисиздик 21 -  кылымда турмушубуздун айырмалоочу бир өзгөчөлүгүнө айланды. Белгисиздиктин негиздерин иштеп чыккан Гейзенберг да булардын мынчалык чечкинсиз жана белгисиз абалга келишине таң калууда. Негизинен бул күлкү келтирерлик абал, себеби бул доор рационалист, билимдүүлүктүн жана эркиндиктин доору болушу керек эле. Бирок заманбапташуу жана өнөр – жайлашуудан кийин дүйнөнүн чындыктары бизге башка нерсени айтуу.

Биз жашап жаткан бул доордун тамашасы  белгисиздик принциби менен эле калган эмес. Бул доордун ошол эле учурда Huxleyдин «тайманбас жаңы дүйнөсүнүн» адам турмушун жана адамдык кадырын коргой турган жогорку гумманизмдин очогу болушу керек эле. Заманбаптык баарына эркиндик жана теңдикти убада кылган. Бирок биз, 21 -  кылымда жыл сайын көз алдыбызда болуп жаткан варварча кол салуулардын кээ бирлерине күбө болдук. Азыркы учурдагы глобалдык тартиптин бийик идеалдарына карабастан пайда болгон эки жүздүүлүк жана кош стандарттын деңээлин көрсөтүүгө бир гана глобалдык качкын кризиси өзү эле жетиштүү болуп жатат. Сириялык, ливиялык, афган, сомалилик жана рохиньгиялык качкындар жана башка ушуга окшогондор менен бирге урмат – сыйсыздыктарга дуушар болушту. Бул кишилердин мусулман экендиги  чындыгы, азыркы учурда болуп жаткан адамзаттык абалга байланыштуу этно  -  борборчул түшүнүктөр тууралуу да бизге бир нерселерди айтууда.

Белгисиздик азыркы учурдагы глобалдык тартиптин маанилүү бир бөлүгүн белгилеп жатат. Чоң бийлик оюндары, улут  - мамлекет конкуренциясы, жарандык согуштар, көп улуттуу фирмалардын кызыкчылыктары жана башка бир топ фактор дүйнөнүн азыркы абалдын  баш  - аламандыгын арттырууда. Баалуулуктар менен кызыкчылыктар бири биринен айырмалангандыктан дүйнө коомдорун башкара турган турмуштук форманы табуу мүмкүн эмес. Азыркы учурдун жана келечектин белгисиздиги, дагы жакшы дүйнө үчүн бизге абдан аз жол көрсөтүүдө. Бирок белгисиздик дайыма эле жаман нерсе эмес. Адамзаттыктын абалына жана ойлогон күчтөрүбүздүн чегине байланыштуу бизге бир канча нерсени да үйрөтө алат. Белгисзидик бизди күтүлбөгөн нерсеге карата даярдайт. Жакшы жана жаман сюрприздерге карата активдүү болуубузга шарт түзөт. Баш  - аламан маселелердин алдында четке кагуучу эмес, кучак ачуучу болууга мажбурлайт. Баарынан маанилүүсү белгисиздик бизге  -  заманбап дүйнөдө унуткан ачкыч маанидеги – жөнөкөйлүкө үйрөтөт.

Агартуу философиясы адамды түбөлүк жана өзүнөн жооптуу, өзүнө ченемдик укугун берген дүйнөнүн борборуна алып келди жана ортоңку кылымга таандык кудай жана жаратылган  - чектелген дүйнө түшүнүгүн жок кылды. Бул кыймыл ушундайча адамды дүйнөнүн ээси  абалына алып келди. Илимий жана технологиялык өнүгүүнүн саясында алынган каражаттар менен жөндөмдүүлүктөр менен агартуу ортого чыгарган адам модели өзүн дүйнөнүн жаңы ээси катары көрө баштады. Бул «ээнин» колониячыл жана талоончуга айланышы көп убакытты алган жок.

Кудай менен ойноо адамга жакшылык алып кебейт. Биз дүйнөнүн ээси эмеспиз, коргоочусу жана амантчысыбыз. Бул дүйнө бизге «аманат» катары берилген жана биз да бул аманатты коргоо менен милдеттүүбүз. Дүйнөнүн ээлеринин ашыкча сыймык жана текеберлигинин айкындыгын белгилүү бир адам баласын башкаларынан жогору көрүп жатабыз.

Дүйнөнүн аманатчысы катары кыймыл кылуу, пацифизм же дүйнөгө карата шартсыз мамиле көрсөтүү деген мааниге келбейт. Тескерисинче  адамдар жана дүйнө табияттын ортосунда тең салмактуу, адамзаттык жана өндүрүүчү байланышын курат деген мааниге келет. Табигый чөйрөнү сактап жатып ошол эле учурда адам муктаждыктарына жана пайдаларына кызмат кылуу деген мааниге келет.

Белгисиздик бардык нерседе кааланган абал болбошу мүмкүн. Тактык ишеничтерибиздин жана кыймыл аракеттерибиздин негизги курамы. Бирок курган заманбап цивилизациянын сыймыгы менен текеберлигин көз алдына келтире турган болсок бир бөлүгү болгон дүйнөдө жана башка адамдарга карата момундук сезими менен мамиле кылуу жана өз чектерибизди байкап билүү сезимталдуулук болот. Ээси экенибизди айткан дүйнөнү жок кылуу менен өзүбүздүн дүйнөбүздү жана келечегибизди кыйратып жатабыз. Бул жөнөкөй бирок негизги чындыкты көп убакыт өткөрбөстөн түшүнүп билебиз деп ойлойм.



Тектеш кабарлар