Түркия-ЕБ карым-катнаштары; «жаңылоо» (reset) мүмкүнбү?

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын «DailySabah» гезитинде жарыяланган 3-сентябрдагы макаласы.

Түркия-ЕБ карым-катнаштары; «жаңылоо» (reset) мүмкүнбү?

Түркия-ЕБ карым-катнаштары; «жаңылоо» (reset) мүмкүнбү?

Түркия-ЕБ карым-катнаштарынын оңдолушу, европалык лидерлердин эми теңсиздик жана адилетсиздиктин негизинде карым-катнаштын улантыла албай турганын кабыл алуусуна байланыштуу болот.

Түркия, Европа Биримдигине кошулуу үчүн 2005-жылдан бери талапкер өлкө статусунда. Түркиянын Европанын калганы менен болгон карым-катнаштарында бир убактарда толкунданткан жана келечектен убада берген жаңы барак катары баа берилген бул процесс, 12 жыл мурда эч ким ойлоп көрбөгөндөй көп жолу көңүл калтыруу, ишенимди жоготуу жана жол кырсыктарын да кошо ала келди.

Аймактык жана улуттук деңгээлде болуп жаткан маселелер жана кризистер Түркия менен белгилүү айрым Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы карым-катнаштарды көзгө урунгудай түрдө чыңалтты жана ЕБне мүчөлүк процессибизди токтотту.  Эч шексиз Түркия-ЕБ карым-катнаштарынын «жаңылоого» (reset) муктаждыгы бар. Бир тараптан  бул эки тараптын тең бири-бирине адилеттүү, урмат сыйлуу жана тең укуктуу өнөктөш катары мамиле кылышы менен мүмкүн болот.

Түркияга каршы багытталган катуу жана зордоого чейин барган сындоолор, кыска мөөнөттүү популисттик пайда табууларды камсыздашы мүмкүн, бирок эч ким үчүн тынчтык, коопсуздук жана өнүгүүнүн кепилдигин бербейт. Ачык айтканда бүгүнкү күндө туш болгон маселелер Түркия жана Европанын чек араларынын абдан ары жагына өтөт жана аны менен катар туш болгон глобалдык кризистер, кыйратуучу нативизм, көзөмөлсүз жикчилдик жана күчөгөн үмүтсүздүк доорунда мусулман жана батыш коомчулуктарынын ортосундагы карым-катнаштарга таасир этет. Ислам жана батыш дүйнөсү айырмачылыктарын ашып өтүү жана адамзаттын орток кызыкчылыктарынын пайда табышына карай иштөө үчүн чогулмайынча дүйнөлүк тынчтыкты камсыздоо жана глобалдык деңгээлде эки тараптуу урмат-сый жана жанаша чогуу жашоо маданиятын сүрдүрүү мүмкүн эмес.

Айрым Европа өлкөлөрүндө Түркияга каршы душмандык улутчул шайлоочуга кайрылганы үчүн ички саясаттын негизги элементтеринен бирине айланды. Негизинен, он жыл мурда көрмөксөнгө салынгыдай маселе катары башталган бул абал бүгүнкү күндө негизги агым саясатынын бир бөлүгү болду. Ашкере улутчулдарга карата жол бошоткон, жымсалдоо саясатын жүргүзүүнүн өтө коркунучтуу жыйынтыктары болушу мүмкүн. Муну айтуунун да кажети жок, Европада көрүнгөн Эрдоганга каршы чыгуу бир гана европалык мамлекеттер менен болгон карым-катнаштарыбызда чыңалуу жаратып эле тим болгон жок, ошондой эле ЕБнин чек араларынын ичинде жашаган миллиондогон түрк жаранын коркунуч астында калтырды.

Түркия бүгүнкү күндө 1963-жылы ал убактагы аталышы менен Европа Экономикалык Биримдигине мүчө болууну жарыялаган убактагы Түркия эмес, ошондой эле 1999-жылы талапкер статусуна алынган убактагы өлкө да эмес. Калкыбыздын саны 1960-жылдардан бери 3 эсе, улуттук дүң өндүрүмүбүз болсо 1963-жылдан бери 80 эсе артты.

Бир тараптан айрымдарынын көрмөксөнгө салуу аракетине карабастан учурдагы Европа да 2000-жылдардын башындагыдай эмес. Учурда эски материк; нео-нацизм ашкерелиги, популизм, бозгундарга, мусулмандарга жана башкаларына каршы кылынган жек көрүү кылмыштары менен эскерилген абалга келди. Европада ылдам начарлап бараткан коопсуздук шарттары, айрым Европа мамлекеттеринин Түркияга ЕБне мүчөлүк каалгаларын жабуу аракеттери менен биригип, түрк калкынын ЕБ процессине шайкештигин колдоосун ырааттуу түрдө азайтты.

Европалык популисттер маданиятыбызды, шайланган лидерлерибизди жана кызыкчылыктарыбызды бутага алса да, бул убакыт тилиминде Түркия тынымсыз жаңы жана дагы конструктивдүү мамиле чакырыгын салып турду. Эң акырында Түркияда 2017-жылы апрель айында болгон Конституциялык референдумдан кийин президент Режеп Таййип Эрдоган, Германиянын канцлери Ангела Меркель да арасында болгон европалык лидерлер менен эки тараптуу карым-катнаштарда жаңы барак ачыш үчүн жолукту. Эрдоган бул жолугушууларды немис өкмөтү жана башка айрым Европа мамлекеттеринин араларында таанымал ПКК жана ФЕТӨнүн мүчөлөрү менен кошо конституциялык реформага каршы чыккандарга колдоо көрсөткөнүнө карабастан өткөрдү. Ошондой эле реформаны жактоочулардын үнүн өз чек араларынын ичинде жашаган түрк жарандарынын угуусуна бөгөт болуу аркылуу Түркиянын ички иштерине кийлигишкендерине карабастан жолугушуу өткөрүлдү.

Референдумдан кийин ЕБнин жооптуу кызматкерлери менен Брюсселде болгон жолугушууда Президентибиз Түркия-ЕБ карым-катнаштарын жандантуу темасында чечкиндүү болгондорун дагы бир жолу тастыктады. А бирок Европада ашкере улутчулдардын өтө жогорулоосу бул темада жаңы баскычка жетүүгө тоскоол болду.

Германияда өткөн айда болгон шайлоолор дагы бир жолу Түркияга жана президент Эрдоганга каршы улам күчөп жайылган бул жек көрүүнү жайгаштырды, ал эми бул аракет да радикал улутчулдардын Европадагы жогорулоосуна тоскоол болгон жок. Германиянын эң чоң партияларынын лидерлери шайлоо өнөктүгү убагында өлкөбүз тууралуу катуу сындоолорду айткан болсо дагы, шайлоо жыйынтыктары абдан ачык чындыкты ортого салууда; канцлер Меркелдин партиясы CDU/CSU ну 2013-жылы колдогон бир миллиондон ашуун шайлоочу бул шайлоолордо добуштарын  жикчил AfD партиясына беришти.

Өзгөчө мурдагы Чыгыш Германияда оңчул жана солчул радикалдык кыймылдар, центрист партияларга караганда олуттуу ийгиликтерге жетишишти.  Андан да жаманы радикалдык кыймылдардын немис экономикасынын жакшы ийгиликтерге жетишкен мезгилинде ушунчалык ийгиликтүү болушу, жакырчылык жана радикалдашуунун ортосунда салттык түрдө курулган байланыштын териштирилишине да жол ачып койду. Жол бошотуу жана жымсалдоо саясаты мындан жүз жыл мурда ишке жараган эмес жана бүгүнкү күндө да ийгиликтүү боло турганын ойлогонго эч кандай себеп көрсөтө албайбыз.

Биз, ЕБне мүчөлүктү саясий, экономикалык жана коопсуздук тууралуу себептер менен стратегиялык максат катары баа берүүдөбүз. Түркия барган сайын дагы коркунучтуу абалга айланган дүйнөдө Европанын коопсуздугу үчүн маанилүү роль ойноодо. А бирок кош стандарттарды, коркутууларды жана ачык эле душмандыктарды кабыл алууга макул эмес.

Түркия-ЕБ карым-катнаштары, жалгыз европалык лидерлер бул карым-катнаштардын эми теңсиздик жана адилетсиздиктин негизинде улантыла албай турганын моюнга алганда гана оңоло алат. Түрк калкынын демократиялык тандоолоруна урмат-сый көрсөтүүгө, Түркиянын шайланган лидерлерине урмат-сыйлуу мамиле кылууга жана Түркияга тең укуктуу өнөктөш катары мамиле кылууга даяр болушу керек.

Бул абал Түркия-ЕБ качкындар келишими жана негизинен көп жылдар мурда түрк жарандарына таанылышы керек болгон Шенген визасыз саякат кылуу укугу темасында да жарактуу. Европанын берген убадаларын аткарбоосун кичине жана техникалык маселе катары көрмөксөнгө салып, Түркияны оюн бузуучулук менен күнөөлөө адилетсиздик болуп саналат.

Ишеним жана эки тараптуу урмат-сый жана колдошууга таянган карым-катнаш Түркиянын дагы Европанын дагы кызыкчылыктарына кызмат кылат. Бирок бул бир жактуу карым-катнаш эмес жана муну далилдөө чыгымы да жалгыз эле Түркияга жүктөлө албайт. Европа бул же тигил себеп менен Түркияга же башка бир өлкөгө сыртын салса бул өлкөлөрдүн ар башка мүмкүнчүлүктөргө баа бериши табигый нерсе. Андан да көбү плюралист борборлор тарабынан формаланган глобалдык саясат чөйрөсүндө, Түркиянын өз тышкы саясат преспективасын Батыш кыйырынын ары жагына кеңейтүү каалоосун териштирүү туура эмес.

Мунун ордуна европалыктар 21-кылымдын чындыктары көз алдыга жайылганда башкалрынан көп өз кызыкчылыктарына зыян тийгизген Европа-борборлуу мурасынан ашып өтүү үчүн жалаң биргелеше орток аракет жумшоосу жана Түркиянын мыйзамдуу коопсуздук санааркоолоруна жана кызыкчылыктарына тийиштүү көңүлдү буруусу зарыл. Түркия-ЕБ карым-катнаштарына «жаңылоо» (reset) жасала ала турган жаңы климаттын пайда болушу жалгыз адилеттик, теңдик, ишеним жана урмат-сый сыяктуу баалуулуктардын кош стандарттар жана саясий бут тосуу оюндарынын ордуна коюлушу менен мүмкүн.



Тектеш кабарлар