Түркия-Грузия карым-катнаштары

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-39

Түркия-Грузия карым-катнаштары

Түркия-Грузия карым-катнаштары

Грузия Түштүк Кавказия аймагындагы стратегиялык жактан маанилүү өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Биз да бул жумадагы программабызда Түркия-Грузия карым-катнаштарын талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Грузия Түштүк Кавказия өлкөлөрүнүн арасында НАТО жана Европа Биримдиги менен катар Батыш менен алакаларын эң жогорку деңгээлде өнүктүргөн өлкө. Грузия 2009-жылдан тарта Европа Биримдиги тарабынан үч Чыгыш Европа өлкөсү (Украина, Молдова, Беларусь) менен үч Түштүк Кавказия өлкөсүнө (Грузия, Азербайжан, Армения) карата түзүлгөн Европа Биримдигинин Чыгыш өнөктөштүгүнүн ичинде орун алууда. Европа Биримдигинин Чыгыш өнөктөштүгү долбоору, бул өлкөлөрдү Европа Биримдигине дагы көбүрөөк жакындаштыруу үчүн Европа Биримдиги менен бул өлкөлөрдүн ортосунда өнөктөштүк, эркин соода жана визадан бошотуу келишимдерине кол коюлушун көздөөдө. «Өнөктөштүк» келишимине 2014-жылы Брюсселде кол коюлган жана 2016-жылдын июль айында күчүнө кирди. Грузия менен Европа Биримдигинин ортосунда визасыз режимдин кыска мөөнөттүн ичинде башталуусу пландалууда.

Түркия менен Грузиянын ортосундагы алакалар Грузиянын көз карандысыздыкка ээ болушунан бери бардык жаатта өнүктү жана эки өлкөнүн ортосунда ар түрдүү тармактарда көп сандаган келишимдерге кол коюлду. Түркия Грузиянын көз карандысыздыгын 1991-жылдын 16-декабрында тааныды. Дипломатиялык байланыштардын түзүлүүсүнө карата протоколго болсо 1992-жылдын 21-майында кол коюлду жана эки жактуу түрдө элчиликтер ачылды. Ошондой эле Түркиянын Батумиде, ал эми Грузиянын болсо Стамбул менен Трабзондо башкы консулдуктары бар.

Түркия менен Грузиянын ортосундагы карым-катнаштар стратегиялык деңгээлде. Түркия 2007-жылдан бери Грузиянын эң чоң соода өнөктөшү. Грузияга эң көп түздөн-түз инвестиция салган өлкөлөрдүн арасында да Түркия биринчи орунда турат. Эки өлкөнүн ортосунда 2011-жылдын акыркы айында күчүнө кирген проколго ылайык, эки өлкөнүн жарандары бири-бирилеринин өлкөсүнө өздүк документ менен саякат кыла алышат. Эки өлкөнүн ортосунда тартиптүү түрдө жогорку деңгээлдеги сапарлар да жасалып турат. Түркия менен Грузиянын алакаларын дагы да өнүктүрүү максатында эки өлкөнүн ортосунда Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин механизми түзүлдү. Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин биринчи жыйыны 2016-жылдын 19-июлунда Анкарада, экинчи жыйыны болсо 2017-жылдын 23-майында Тбилисиде өткөрүлдү.

Азербайжан менен бирге түзүлгөн Түркия-Азербайжан-Грузиянын тышкы иштер министрлеринин үч тараптуу жыйындар процесси, аймактык ырааттуулук, тынчтык жана биримдүүлүккө салым кошкон түзүлүш болуп саналат. Айрыкча коргоо, экономика, транспорт министрликтери, куралдуу күчтөрү командирлери, парламенттин тышкы иштер боюнча комиссияларынын башчылары жана бизнес форумдарынын ортосунда үч тараптуу жыйындар өткөрүлүүдө.

Түркия менен Грузия, ортолорундагы байланыштарды эки жактуу планда жана аймактык деңгээлде стратегиялык мүнөздө карашат. Грузия, Каспийдеги энергетикалык булактардын Түркияга жана Батыш рыногуна алып барылышы, ошондой эле Түркия менен Азербайжан, Орусия жана Борбордук Азия Республикаларынын ортосундагы транспорт байланыштары жагынан учурдагы шарттарда чечүүчү өлкө. Буга кошумча түрдө Түркия Грузиянын эң чоң соода өнөктөшү болуп саналат. Ушул алкакта Түркия, Грузия жана Азербайжандын ортосунда энергетика- транспорт жааты менен катар ар түрдүү тармактарда үч тараптуу кызматташтык түзүлүүдө. Баку-Тбилиси-Жейхан мунай зат кууру жана Баку-Тбилиси-Эрзурум газ кууру менен Баку-Тбилиси-Карс темир жол долбоору ушул кызматташуунун эң негизги мисалдары болуп саналат.

Түркия Грузиянын жеринин бүтүндүгүн колдойт. Айрыкча Грузиянын ички маселелеринин чечилүүсүнө да жардамчы болууга аракет кылууда. Грузия эли үчүн Абхазия менен Түштүк Осетия абдан маанилүү эки аймак. Бирок 2008-жылы болгон Грузия-Орусия согушун Орусия жеңди. Андан кийин бул өлкөлөрдүн көз карандысыздыктары Орусия тарабынан таанылды жана аскердик келишимдер менен кепилдикке алынды.

Орусиянын эки тараптуу келишимдердин негизинде курган базалар, жикчил режимдердин аймактык деңгээлде мыйзамдуу болушуна себепчи болду. Грузия иш жүзүндө көз карандысыз Абхазиянын бул статусун жакынкы келечекте өзгөртүү күчүнө ээ эмес экенин билип, абалды эл аралык деңгээлге алып барууга жана укуктарын коргоого аракет кылууда. Түштүк Осетия көйгөйүнө карата мамилеси да ушул эле алкакта каралууда. Бирок Орусиянын 2016-жылдын декабрында «Абхазия менен Осетиянын демократиялык мамлекеттер катары өнүгүүлөрүнө колдоо көрсөтүлө турганы» жөнүндөгү билдирүүсү мунун өтө оңой болбой турганын көрсөтүүдө. Грузияда учурдагы өкмөт, керек болсо Орусия менен карым-катнаштар, керек болсо Абхазия жана Түштүк Осетия маселелери темасында дагы жумшак сөз айтууну тандады жана Орусия менен алакаларынын оңолуусу үчүн кадамдарды таштады. Бирок Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышы, Украинадагы кырдаал жана Орусиянын Абхазия менен өнөктөштүк келишимине кол коюшу, Грузиянын Абхазия жана Түштүк Осетияга байланыштуу тынчсызданууларын дагы да арттырды.

Түркия Грузиянын жеринин бүтүндүгүн күчтүү түрдө колдоодо. Абхазия менен Түштүк Осетиянын жалган көз карандысыздыктарын тааныбайт жана бул келишпестиктердин Грузиянын жеринин бүтүндүгү менен эгемендүүлүгүнүн алкагында тынчтыкчыл түрдө чечилүүсүн каалайт. Түркия Грузиянын Европа-Атлантика мекемелери менен бүтүндөшүү аракеттерин да колдойт.

Түркия-Грузия карым-катнаштарындагы эң маанилүү темалардын бирин да ахыска түрктөрүнүн эне мекенине кайра катып келүү процесси түзүүдө. Түркия бул темага жакын байкоо салууда жана Грузиянын 1999-жылы Европа кеңешине мүчө болгондо милдеттенген жоопкерчиликтердин алкагында ахыска түрктөрүнүн эне мекени болгон Ахыскага кайра кайтып келүүлөрүнүн алдындагы бардык тоскоолдуктардын жоюлушун талап кылууда. Грузиянын ушул темага байланыштуу таштай турган кадамдары эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды дагы да жогорку деңгээлге жеткирет.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 

 

 



Тектеш кабарлар