Бинали Йылдырым - Ципраз пресс - жыйыны

Пресс - жыйында 15  - июлдагы козголоңдон кийин Грецияга качкан козголоңчулардын тапшырылбагандыгы да күн тартибине келди.

Бинали Йылдырым  - Ципраз  пресс -  жыйыны

Премьер – министр Бинали Йылдырым Грецияда кесиптеши Алексис Ципраз менен жолугушту. Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс – жыйында Фетуллахчы террордук уюмдун параллель мамлекет түзүмүнүн 15  - июлдагы козголоңдон кийин Грецияга качкан козголоңчулардын тапшырылбагандыгы да күн тартибине келди.

Премьер – министр Бинали Йылдырым бул тууралуу : «Козголоңчулар Греция менен Түркиянын ортосундагы карым – катнаштарга сокку урбасын»,- деди.

Грециянын премьер  - министри Ципраз болсо : «Сот чечимине сый көрсөтүүбүз керек»,- деди.

Премьер – министр Йылдырым айрыкча Кипр маселесинин Түркия жана Греция үчүн чечилиши керек болгон маселе экендигин белгиледи.  

Алексис Ципраз да Кипрдеги чечүүчү жол процессине карата  : «Кипрде адилеттүү жана туруктуу чечүүчү жол табуу  ар дайымкыдан  да маанилүү. БУУнун чечимдеринин алкагында бул маселеге чечүүчү жолдун табылышы керектигин ойлоп жатабыз»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар