Өзбекстан - Белорус иш форуму өткөрүлдү

Өзбекстан  - Белорус иш форумунда жалпы баасы 200 миллион доллар болгон эки тараптуу келишимдерге кол коюлду.

Өзбекстан  - Белорус иш форуму өткөрүлдү

Өзбекстан  - Белорус иш форумунда жалпы баасы 200 миллион доллар болгон эки тараптуу келишимдерге кол коюлду.

Белорус президенти Александр Лукашенконун Өзбекстанга расмий сапарынын негизинде борбор шаар Ташкентте эки өлкө ишкерлери катышкан Иш форуму өткөрүлдү.

Өзбекстандын вице  - премьер  - министри Надир Атажанов менен Белорус вице  - премьер  - министри Михаил Русийдин кош төрагалыгында өткөн иш форумунда эки өлкөнүн ишкерлери жана жана мамлекеттик мекемелердин жетекчлери тараптардын ортосундагы кызматташтыктын өнүктүрүлүшүнө байланыштуу сүйлөшүштү.

Иш форумунда Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Хожайев Белорус тарабына өлкөдөгү иш жана инвестиция мүмкүнчүлүктөрү менен өлкөдө чет элдик инвесторлорго берилген артыкчылык жана алдыңкылыктар тууралуу маалымат берди. Белорусиялык ишкерлер да өзбек фирмаларынын жетекчилери менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.

Өзбекстан  - Белорус иш форумунан кийин тараптардын ортосунда жалпы баасы 193, 3 миллион доллар болгон 82 келишимге кол коюлду. Иш форумунун негизинде өзгөчө Өзбекстан жана Белорус өнөр жай жана соода кабинеттеринин ортосунда кызматташуу келишимине да кол коюлду.

Иш форумунун негизинде Ташкентте Белорус продукцияларынын жарманкеси да өткөрүлдү.

Белорусиянын  президенти Александр Лукашенконун 24 жылдан кийин Өзбекстанга жасаган расмий сапары бүгүн аяктайт.

 



Тектеш кабарлар