Салттык спорттордун келечеги Стамбулда талкууга алынды

Бул иш-чарага Кыргызстан менен катар бир канча өлкө министрлик деңгээлинде катышты.

Салттык спорттордун келечеги Стамбулда талкууга алынды

Миңдеген жылдар бою муундан муунга өткөн салттык спорттордун келечеги Стамбулда талкууга алынууда.

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы менен ЮНЕСКОнун кызматташуусунда уюштурулган ЮНЕСКОнун салттык спорттор жана оюндар боюнча бириккен кеңешүү жыйналышынын төртүнчүсү Стамбулда башталды.

Дүйнөлүк этноспорттор конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган, салттык спортторду жаюу үчүн иштеп жаткандарын айтты.

Бул тема тууралуу баа берүүсүн жасаган Билал Эрдоган: «Салттык спорттор айлана-чөйрөгө зыян тийгизбеген дагы ийкемдүү спорттук түшүнүккө ээ. Батыш маданиятынын гегемониясы астында дүйнө жүзүнүн бир түрдүүлүккө багыт алганын көрүүдөбүз. Этноспорттун негизги философиясы дүйнө жүзүнүн түрдүүлүгүн байлык катары кабыл алуу болуп саналат»,-деди.

ЮНЕСКОнун программа боюнча адиси Марселлин Далли да салттык спорт мурасынын келээрки муундарга өткөрүлүшүнүн маанисине токтолду.

Жыйналышка Гамбия, Кот-д'Ивуар, Кыргызстан, Катар, Шри-Ланка, Сербия министрлик деңгээлинде катышты.

ЮНЕСКО колдоо көрсөткөн жыйналыштар 2 күн уланат.



Тектеш кабарлар