Өзбекстан эл аралык финансы мекемелери менен кредит келишимине кол койду

Өзбекстан бул жылы эл аралык финансы мекемелери менен 1,5 миллиард долларлык кредит келишимине кол койду.

Өзбекстан эл аралык финансы мекемелери менен кредит келишимине кол койду

Өзбекстан бул жылы эл аралык финансы мекемелери менен 1,5 миллиард долларлык кредит келишимине кол койду.

Вице  - премьер жана инвестициялар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Шухраб Халмурадов Ташкентте өткөрүлгөн жыйында сүйлөгөн сөзүндө акыркы мезгилде өлкөдө чет элдик инвестор жана ишкерлер үчүн түрдүү жеңилдик жана алдыңкылыктардын берилгендигин айтты.

Өлкөсүндөгү иш жана инвестиция чөйрөсүнүн жакшыртылгандыгын айткан Халмурадов өлкөгө келген чет элдик инвестиция көлөмүнүн арткандыгын белгиледи.

Бул жылдын январь  -  июнь мезгилинде чет элдик капиталдуу 960 мекеменин курулгандыгын айткан Халмурадов : «Өзбекстан жылдын башынан бери эл аралык финансы мекемелери менен 1, 5 миллиард долларлык кредит келишимине кол койду»,- деди.

Халмурадов өлкөсүнө  инвестиция салгандардын арасында Орусия, Түркия, Кытай, Казакстан жана түштүк кореялык ишкерлердин дагы активдүү экендигин, өзгөчө ар башка өлкөлөрдөн ишкерлер менен да инвестициялар тууралуу сүйлөшүүлөрдүн улантылып жаткандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар