Түрк ишканасы Казакстанда өтүүчү жарманкеге катышат

Астанада KADEX-2018 өтөт.

Түрк ишканасы Казакстанда өтүүчү жарманкеге катышат

Түрк авиация жана космостук өнөр жайы (TUSAŞ/TAI) Казакстанда өтө турган Курал системаларынын жана космостук технологиялардын жарманкесинде  (KADEX-2018) өз товарларын көрсөтөт.

TAIнин билдирүүсүнө караганда ишкана 23-26-май күндөрүнүн аралыгында Казакстандын борбор шаары Астанада өтө турган KADEX-2018ге үчүнчү жолу катышат.

Жарманкеде учкучсуз учак системасы Анка, чабуул коюучу жана тактикалык чалгындоо тик учагы Т129 АТАК, жаңы муундагы билим берүү учагы Хүркүш, улуттук аскердик учак жана жалпы максаттуу Т625 тик учактарынын макеттери көрсөтүлмөкчү.

TAI жарманкеде Анка жана Хүркүш менен катар оргиналдуу товар жана жөндөмдүүлүктөрүн түшүндүрөт.



Тектеш кабарлар