Азербайжан ири масштабдуу машыгуу өткөрөт

Машыгууга 25 миң аскер катышат.

Азербайжан ири масштабдуу машыгуу өткөрөт

Азербайжан армиясы, 25 миң аскер катыша турган ири масштабдуу машыгуу өткөрөт.

Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө президент Илхам Алиев бекиткен планга караганда машыгуунун 12-мартта болоору белгиленди.

Тоолуу жерде 25 миң аскердин катышуусунда өтө турган машыгууда, өкүлдүк кылган душман буталарына операциялар жүргүзүлөт жана жаңы куралдар сыналат.

Машыгууда 250 танка жана зооттолгон унаа, миңге жакын снаряд жана замбирек системасы, 50 учак жана тик учар, жаңы муундагы радиоэлектрондук байкоо салуучу унаалар жана учкучсуз аппараттар да орун алат.

Машыгуу 17-мартка чейин уланат.

 



Тектеш кабарлар