Казакстандын латын алфавитине өтүүсү

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-40

Казакстандын латын алфавитине өтүүсү

Казакстандын латын алфавитине өтүүсү

Евразия аймагынын стратегиялык жактан маанилүү өлкөсү Казакстан латын алфавитине өтүп жатат.  Биз да бул жумадагы программабызда Казакстандын латын тамгасына өтүү чечимин талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Казакстанда латын арибине өтүүгө карата иш-аракеттер уланып жатат. Бул процессте кандай алфавиттин пайда болоору болсо Евразияда жана Түрк дүйнөсүндө кызыгуу менен күтүлүүдө. Мен тилчи эмесмин бирок эл аралык мамилелер тармагында да алфавиттердин өтө маанилүү экенин айта аламын. Анткени алфавиттер дүйнөдө коомчулуктун жерин белгилөөдө маанилүү ролду ойнойт. Негизи түрк тилдеринде жазуу үчүн көптөгөн алфавит колдонулса болот. Техникалык жактан каралганда тилдеги үндөрдү алфавиттердин канчалык чагылдырганы маанилүү.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев латын арибине өтүү жөнүндөгү эң так сөзүн 2012-жылы жарыяланган 2050-жылга карата стратегиялык документинде айтты. Толук өтүү үчүн 2025-жылды максат катары көрсөттү. 2018-жылы билим берүү тармагында латын тамгаларга өтүү башталып, бул процесстин 2025-жылы толук бүтүрүлүшү пландалууда. Бюджеттен алфавитти өзгөртүү үчүн 600 миллион тенге (орто эсеп менен 1 миллион 800 миң доллар) бөлүндү.

Түрк тилдери үчүн латын алфавитинин колдонулушу жаңы жаңылык эмес. Codex Cumanicus (Кумандар китеби) 14-кылымдын баштарында кыпчак түркчөсү диалектинде латын тамгасы менен жазылды. Түркия Республикасы 1928-жылы ылайыкташтырылган латын алфавитине өттү. Советтер Союзу таркагандан кийин 1991-жылы Азербайжан менен Түркмөнстан, ал эми Өзбекстан да 2001-жылы латын арибине өтүштү.

Жакынкы тарыхый процесске караганыбызда 1926-жылдагы Баку курултайында чыгарылган чечимдер менен Түрк дүйнөсүндө ылдам аткарылган латын тамгасына өтүү жараяны, Түрк дүйнөсүндө тил жана алфавит биримдиги жарым-жартылай ишке ашкан ортодогу мезгил болду. Түркияда 1928-жылы болгон алфавиттин өзгөртүлүшүнүн негизги максаттарынын бири да бул процесстин тышында калбоо санааркоосу эле. Латын тамгасы бардык түрк элдери үчүн жалпы алфавит катары расмийлешкенден кийин Советтер Союзунда бул абал нааразычылык жаратты. Советтер Союзунун Борбордук аткаруу кеңеши, 1935-жылдын июнь айында латын тамгасына өтүү ишинин чоң жаңылыштык болгонун жана мунун жооптуусунун да Жаңы алфавит комитети экенин жарыялады. Бул ансыз деле кыска убакыт тилимине жайылган Түрк дүйнөсүндө латын алфавити биримдиги мезгилинин аягы үчүн башталгыч болду. Бул ортодогу мезгилдин аягы, согуш жылдарында күчүнө кирген түрк коомчулугу үчүн фонетикалык жазуу эрежесине негизделген 18 башка кирилл алфавитин алып келди.

**

Казакстанда ушул тармактагы тилчилердин иликтөөлөрүнүн негизинде даярдалган алфавит Парламентке сунушталды. Буга чейин 42 тамгадан турган казак алфавити Парламентке сунушталган алфавит менен 17 тамгага азайтылып 25 тамга болду. Бирок казакчада орун алган сегиз үндүн айтылышы үчүн эки тамганын жанаша колдонулушу тандалды. «Өмер Халисдемир» университетинин изилдөөчүсү Тургай Дүгендин ою боюнча бул ыкма алфавиттеги тамга санын азайтуу үчүн таасирдүү жол болгону менен казакча жазууну жана окулушун тататаалдаштырышы мүмкүн. Алфавит түзүлүп жатканда бир үнгө бир тамга принциби менен катар берки түрк элдеринине жакындоонун да маанилүү принцип катары ойлонулушу пайдалуу болот. Ал үчүн Түркиядагы жана Азербайжандагы үндөр менен бирдей болгон казакча үндөр үчүн бул алфавиттердеги тамгалардын окшошу киргизилсе болот.

Албетте бул процесстин саясий жактары да бар. Орусияны орусча сүйлөгөн аймактар абдан кызыктырат. Орусия табигый түрдө Казакстандын кирилл алфавитинен чыгышын каалабайт. Буга тоскоол болуу үчүн  каршы кадамдарды да ташташы мүмкүн. Орусия казак элинин бул эркин тандоосун түшүнсө экен деп тилейм.

Алфавит тандоосу бир жагынан Казакстан үчүн саясий альтернатива болуп саналат. Казакстан түбөлүк Советтер Союзу менен эсте калабы? Же болбосо бир бөлүгү болгон Түрк дүйнөсү жана Батыш коомчулугу менен чогуу иш-аракет кылабы? Түркия, Азербайжан жана Түркмөнстан ар түрдүү латын алфавиттерине өтүштү. Кыргызстан да ушул багытта пландарды түзүүдө. Түрк дүйнөсүнүн берки аймактары латын алфавитине өтүп жатканда Казакстандын Түрк дүйнөсүнүн чоң бөлүгүнөн обочолонуп калуусу албетте кааланбайт.

Казакстандын латын арибине өтүүсү, өлкөнүн материалдык жана маданий өнүгүүсүндө тарыхый бурулуш жери болуп саналат. Тарыхы, маданияты жана жерлери менен бирге тил, ар дайым улуттун/мамлекеттин негизги принциби болуп эсептелет. Ушул багытта Казакстандын көз карандысыздыгын жарыялаган күндөн бери президент Назарбаевдин казак тилинин өнүгүүсүнө чоң маани бергенин байкай алабыз.

Казакстан алфавитти өзгөртүү менен бирге Батыш цивилизациясына дагы да жакын абалга келет. Айрыкча алфавиттин өзгөртүлүшү, латын арибине өткөн берки Түрк тилдүү өлкөлөр менен Казакстандын илимий жана маданий карым-катнаштарына да оң таасири болот. Түрк дүйнөсүнүн аксакалы, акылман лидер Нурсултан Назарбаевдин жетекчилигинде Казакстандын латын алфавитине өтүүсүн, Казакстандын дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн арасындагы ордун бекемдөө максаты жана Түрк дүйнөсүндө маданий биримдүүлүктү камсыздоо каалоосуна карата таштаган кадамдарынын бири деп айта алабыз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 

 



Тектеш кабарлар