Түрк басма сөзү 09.11.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү 09.11.2018

«Хабер түрк» гезити «Куртулмуш : «ПЙДни мыйзамдуу уюм катары таанууга карата кадам таштоо эки жүздүүлүк» деген кабарында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын төрага орун басары Нуман Куртулмуш АКШнын жикчил террордук уюм ПККны террордук уюм катары таанууга карата кадам таштоосунун эки жүздүүлүк экендигин айтканын жазган. АКШнын ПКК кор башыларынын башына сыйлык сайышын оң кабыл алгандыгын да белгилеген Куртулмуш бирок мунун кеч калган кыймыл экендигин айтты.

«Сабах» гезити «Түрк куралдуу күчтөрү жана АКШ Манбижде экинчи биргелешкен күзөт ишин баштады» деген маалыматында түрк куралдуу күчтөрү менен АКШ армиясы Манбиж жол картасынын негизинде кечээ райондо экинчи  биргелешкен күзөттү аткаргандыгын жазган. Түрк жана АКШ аскерлери ишин Манбиж фронту менен Евфрат калканы операциясы жүргүзүлгөн аймактагы Жараблус районун бири биринен бөлүп турган Сажу өзөнүнүн жакындарында жүргүздү. Эки өлкөнүн бөлүктөрү биринчи күзөтүн 1 -  ноябрда аткарган.

«Хүррийет» гезити «Стамбул аэропортунан ал өлкөгө биринчи каттам» деген макаласында  Стамбул аэропортунда 31 -  октябрдан баштап тарифтүү каттамдарын баштаган түрк аба жолдору Азербайжандын борбор шаары Бакуну да учуу желесине кошту. Көп талап болгон биринчи каттам 121 жүргүнчү менен аткарылды.

«Ватан» гезити «Түрк коргонуу өнөр жайы Индонезиядагы жарманкеге катышты» деген кабарында Индонезияда 8 -  Эл аралык Индонезия коргоо жарманкесине  катышкан түрк фирмалары араларында АНКА, Хүркуш, КОРКУТ жана Т  - 129 АТАК тик учары да болгон кургактык, деңиз, аба жана коопсуздук тармактарын камтыган кенен бир катышуу менен акыркы технологиялык каражаттарын көргөзмөгө чыгаргандыгын жазган. Индонезия коргоо министрлигинин жетекчилигинде борбор шаар Жакартада башталган, Түштүк Чыгыш Азиянын эң ири коргоо жарманкеси деп аталган жарманке 10 -  ноябрга чейин ачык болот.

«Стар» гезити «Улуттук учагыбыз улуттук реактив мотору менен учат» деген кабарында коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир социалдык медиа эсебинен берген маалыматында : «Коргоо өнөр жыйы башкармалыгыбыз менен ТР Мотордун ортосунда Улуттук Аскердик Учакка таандык мотор чыгаруу программасынын алкактык келишимине кол коюлду. Улуттук учагыбыз улуттук реактив мотору менен учат»,- дегендигин жазган.



Тектеш кабарлар