Түрк басма сөзү 18.05.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү 18.05.2018

«Стар» гезити «Эрдоган : «Зайтун бутагы» операциясы менен дүйнөгө үлгү болдук» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган депутаттар менен өткөргөн ооз ачуудан кийин маалымат бергендигин жазган. Эрдоган : «Январь айында турмуштук кадам таштадык. Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында «Зайтун бутагы» операциясын баштадык. Эркин Сирия Армиясы менен бирдикте жүргүзгөн бул операцияны дүйнөгө үлгү боло тургандай түрдө бүтүрдүк»,- деди.

«Ватан» гезити «Эрдоган Венесуэланын мамлекет башчысы Мадуро менен сүйлөштү» деген кабарында президент Р. Т. Эрдоган президенттик комплексинде Венесуэланын мамлекет башчысы Никола Мадуро менен телеконференция аркылуу сүйлөшкөндүгүн жазган. Эки өлкөнүн ортосунда келишимге кол коюлган сүйлөшүүгө тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен экономика министри Нихат Зейбекчи да катышты.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглунан Израиль үчүн Эл аралык жаза соту сунушу» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Израилдин Газада кылган кыргындарын эл аралык жаза сотуна алып барышы керектигин айтканын жазган. Чавушоглу Түркия радио теле көрсөтүү мекемеси ТРТда күн тартип тууралуу маалымат берди. Чавушоглу : «Израилдин Газада кылган кыргыны Эл аралык жаза сотуна алып барылышы керек»,- деди.

«Сабах» гезити «Европа Биримдигинен Түркияга чоң мактоо» деген кабарында Европа Биримдигинин Коңшулук саясаты жана кеңейүү боюнча сүйлөшүүлөрүнүн башкы директорунун орун басары Мацей Поповски Анкарада берген маалыматында : «Билим берүү министрлиги эки жылдай кыска убакытта 600 миңге жакын сириялык балага берген билим берүү кызматынан таасирленгенимди айтуум керек. Бүгүнкү сапарыбыздын максаты да аткарылгандарды жана ийгиликтерди ордунда көрүү»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Түрк куралдуу күчтөрү телефон өндүрөт» деген кабарында түрк куралдуу күчтөрү кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн телефон өндүрүүгө даярданып жаткандыгын жазган.Коопсуз чөнтөк телефону проектиси деп аталган бул телефондо жергиликтүү программа колдонулат.



Тектеш кабарлар