Түрк дүйнөсүнүн маданият жана спорт шаан - шөкөтү башталды

Билал Эрдоган аянтта өткөрүлгөн ачылуу программасына катышты.

Түрк дүйнөсүнүн маданият жана спорт шаан  - шөкөтү башталды

Эрзурумда губернаторлук, мэрия жана Ататүрк университетинин жардамы менен «Гүнеш» фонду тарабынан уюштурулган Түрк дүйнөсүнүн маданият жана спорт шаан – шөкөтү Минарели медресенин алдында уюштурулган кортеж жүрүшү менен башталды. Шаан  - шөкөткө түрк мамлекеттрине таандык байрактар жана тарыхый кийимдер менен катышкан көп сандаган жаран «Шейиттер өлбөйт, мекен бөлүнбөйт» жана «Мекен сага жаным курман болсун» деген ураандар менен Йакутийе шаар аянтына чейин жүрүштү.

Билал Эрдоган аянтта өткөрүлгөн ачылуу программасында сүйлөгөн сөзүндө салтка айланган «Түрк дүйнөсүнүн маданият жана спорт шаан  - шөкөтүнүн» бешинчисинин Эрзурумда өткөрүлгөндүгүн айтты.

Өлкөдө түрк күбөлүгүнүн, ишеничинин жашатылышы үчүн мындай иш чаралардын улантылып жаткандыгын белгилеген Эрдоган : «Акыркы эки жылдан бери түрдүү себептер менен Монголия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Босния Герцеговина, Санжак, Скопия сыяктуу бир топ жерге бардым. Бул жерлерде миллиондогон, жүз миллиондогон киши Түркияга, Анкарага, Стамбулга карап турушат. Биздин аларга ишеним жана багыт көрсөтүүбүз алардын да келечеги үчүн абдан маанилүү»,- деди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар