Финал беттешүүсүн башкара турчу калыс белгилүү болду

Дүйнө чемпионатында Франция менен Хорватия беттешет.

2018-07-06T152141Z_1312397948_RC1E3EFBD7F0_RTRMADP_3_SOCCER-WORLDCUP-URY-FRA.JPG

Орусияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында Франция менен Хорватиянын ортосунда ойноло турган финал оюнун аргентиналык калыс Нестор Питана башкарат.

Москвадагы «Лужники» стадионунда 15-июль жекшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 18.00де баштала турган беттешүүдө Нестор Питананын жардамчылары Эрнан Майдана менен Хуан Пабло Белатти болот.

Бир тараптан ФИФАнын 2018-жылдагы Дүйнө кубогунда 14-июль ишемби күнү Бельгия менен Англиянын ортосунда ойноло турган үчүнчүлүк мелдешин болсо ирандык калыс Алиреза Фаганинин башкара турганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар