Түркиянын баскетбол боюнча супер лигасынын чемпиону Фенербахче Догуш болду

Фенербахче Догуш өз талаасында TOFAŞты 94-64 упай менен жеңип алды.

Түркиянын баскетбол боюнча супер лигасынын чемпиону Фенербахче Догуш болду

Түркиянын «Тахинжиоглу» Баскетбол супер лигасынын плей-офф финал сериасынын бешинчи оюнунда Фенербахче Догуш өз талаасында TOFAŞты 94-64 упай менен жеңип алып 4-1 эсебине жетти жана удаама-удаа үчүнчү жолу, жалпы эсепте 9чу жолу чемпион болду.

Оюндун акыркы бөлүмүндө күйөрмандар чемпиондук ырларын ырдап майрамдоолорун оюн бүтө электе башташты.

Сары-көгүш түстүү күйөрмандар бардык оюнчулардын ысымдарын бир-бирден айтып колдоо көрсөтүштү.

Төрага Али Коч, оюн бүтөөрүнө аз калганда күйөрмандардын колдоолоруна кошулуп, төрага Коч «сары», Фенебахче «кочкул көк» деп кубаттап жатышты.

Оюндун чечүүчү бөлүмүндө TOFAŞ оюнду таштап койду, ал эми Фенебахче Догуш айырманы көбөйтүүнү улантты жана беттешүүнү 94-64 упай эсеби менен жеңип чыгып чемпион болду.



Тектеш кабарлар