Түркиялык балбан кыз күмүш медалга ээ болду

Вахиде Нур Гөк финалда белоруссиялык Ксения Дзибук менен күч сынады.

Түркиялык балбан кыз күмүш медалга ээ болду

Европа Жылдыздар күрөш чемпионатында кыздар арасында 73 килограмм салмакта Вахиде Нур Гөк күмүш медалга ээ болду.

Македониянын борбор шаары Скопьеде уюштурулган иш-чара кыздар арасындагы мелдештер менен уланды.

73 килограмм салмак боюнча күч сынаган Вахиде Нур Гөк финалда белоруссиялык Ксения Дзибукка жеңилип күмүш медалдын ээси болду.



Тектеш кабарлар