Роналдудан сириялык балдарга колдоо

Жылдыз футболчу Криштиану Роналду сириялык балдар үчүн билдирүүсүн бөлүштү.

Роналдудан сириялык балдарга колдоо

Роналду сириялык балдарга колдоо көрсөттү.

Реал Мадрид жана Португалиянын улуттук курамасынын жылдыз футболчусу Криштиану Роналду, социалдык медиа аркылуу сириялык балдарга колдоо көрсөткөн көрүнүш бөлүштү.

«Save the Children» аттуу жарандык коомдук уюмдун колдоочусу болгон Роналду, сириялык балдарга күч колдонулуп жатканына көңүл буруу максатында социалдык медиа баракчасынан «Күчтүү бол. Ишенимдүү бол. Эч качан баш тартпа» деген билдирүүсүнө орун берди.

Португалиялык жылдыз футболчу, февраль айында Сириянын Чыгыш Гута аймагында жарандарга карай кол салуунун көрүнүштөрүн бөлүштү.

Буга чейин да «Save the Children» уюму менен сириялык балдарга колдоо көрсөткөн Роналду, Сириядагы үй-бүлөлөр үчүн тамак аш, кийим-кечек жана медициналык жардам берген болчу.



Тектеш кабарлар