Улуттук тхэквондочулардан 7 медаль

Эйндховен шаарында өткөрүлгөн жана 51 өлкөдөн 1 миң 432 спортчу катышкан ачык турнир аяктады.

Улуттук тхэквондочулардан 7 медаль

Түркиянын тхэквондо боюнча улуттук курама командасы, Голландияда өткөн ачык турнирди 4ү алтын жалпы 7 медаль менен бүтүрдү.

Түркиянын тхэквондо федерациясынын билдирүүсүнө караганда, Голландиянын Эйндховен шаарында өткөрүлгөн жана 51 өлкөдөн 1 миң 432 спортчу катышкан ачык турнир аяктады.

Түрк курамасы, тхэквондо боюнча ачык турнирдин чоңдор жана жаштар категориясында 14ү аял жана эркек спортчулардан турган 28 кишилик топ менен катышты.

Өзгөчө жаш спортчулардын ийгиликтери менен көңүлдөрдү бурган турнирде Түркия 4 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медалга ээ болду.



Тектеш кабарлар