Европа аялдар баскетбол чемпиондугу

36 -Европа аялдар баскетбол чемпиондугу бүгүн Чехиянын борбор шаары Прага жана Градец Кралове шаарында өткөрүлөт.

Европа аялдар баскетбол чемпиондугу

 А улуттук аялдар баскетбол командасы да орун ала турган 36 -Европа аялдар баскетбол чемпиондугу бүгүн Чехиянын борбор шаары Прага жана Градец Кралове шаарында өткөрүлөт.

Жалпы 16 команда ойной турган турнирде өлкөлөр төрттүк группаларда орун алат. Группаларында биринчи орунду алган командалар түздөн түз чейрек финалга чыгат. Группаларда 2 – 3 – орунду ала турган группалар болсо чейрек финалга жогорулоо үчүн тандоо оюнун ойношот.

А жана В группасында оюндар Градец Кралове шаарында, С жана D группасында болсо борбор шаар Прагада өткөрүлөт. Группа оюндары 19 -  июнда аяктайт.

Чейрек финалга чыгуу үчүн 2 – 3 - турдагы оюндар болсо 20 -июнда Прага жана Градец Краловедеуюштурулат. Чейрек финалдан баштап бардык оюндар Прагада ойнолот. Чемпиондукта чейрек финал 22 -июнь, жарым финал 24 – июнь, финал оюну болсо 25 – июнда өткөрүлөт. А улуттук курама аялдар баскетбол командасы В группасында бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 16да Словакия, эртең саат 21:30да Италия жана 19 -июнь дүйшөмбү күнү саат 16да Белорусь менен беттешет.



Тектеш кабарлар