Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-18

Алтай адабиятынан Сазон Суразаковдун “Ээси бар тоонун кийиктери” аңгемеси.

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-18

Урматтуу китеп күйөрмандары, биздин бүгүнкү уктуруубузду алтай адабияты менен улантабыз. Программада учурдагы алтай адабиятынын белгилүү адабиятчысы акын жана окумуштуу Сазон Саймонич Суразаковдун өмүр-баянын жана анын “Ээси бар тоонун кийиктери” аттуу аңгемесин баяндап беребиз.

                      Кадырлуу окурмандар, алтай адабияты жаатында биринчи профессор дегенде Сазон Суразаковдун аты аталат. Ал алтай элинин фольклористи, адабият таануучу, акын жана жазуучу катары таанылат. Сазон 1925-жылы Майма аймагындагы Ак-Кобы айылында үй-бүлөнүн он бешинчи баласы болуп төрөлгөн. Шаман болгон атасы Сайму Матиевич колхоз түзүлгөн учурда Кайыңзур деген айылга көчүп келип, жазуучунун балалыгы ошол жерде өтөт. Ал атасынын улуттук музыкалык аспабы “топшуур” чертип айткан дастанын, апасынын жомокторун угуп чоңойгон. Бирок кийинки чыгармачылык жолуна атасынын бир тууган агасы акын Моколуштун жана досу дастанчы Сойоңгошев Жакпааштын таасири өтө чоң болгон экен. 1932-жылы мектепке баштап, 1942-жылы Горно-Алтайскийдеги педагогикалык институтунда окуусун улантат. Ал жерде белгилүү окумуштуу Баскаковдун окуучу болот. Студент кезинде 1943-жылы аскерге чакырылып 1944-жылы согуштан жарадар болуп кайтат. Айыгып чыкканда, 1946-жылы Баскаковдун чакыруусу менен Москвага барып окуусун улантат. Ал жерде түркология илимине чоң салым кошуп алтай дастан жана эпосторун чогултат. 1950-жылы тил илиминин кандидаты болот жана жасаган илимий эмгектерине татыктуу алтайдын алгачкы профессор наамына ээ болот. Ал 27 жашында эле тоолуу Алтайда жаңы ачылган Тарых, Тил жана Адабият институтунун директору болуп кызмат өтөйт. Анын адабий таануу жана фольклор жаатында бир топ баалуу эмгектери жарык көргөн. Илимий изилдөөлөрү менен бирге ал адабий чыгармалар да жараткан. 1949-жылдан баштап анын ырлары жана аңгемелери жергиликтүү газетада “Алтайдын тоолорунда” аты менен байма-бай жарыяланып турган. Мындан сырткары жазуучунун жети адабий китеби чыккан. Суразаковдун ыр жана аңгемелеринин темасы көбүнчө советтер учурундагы жаңы жашоо, өзгөрүү тууралуу болгон. Ал 1980-жылы жарык дүйнө менен кош айтышкан. Анын эскерүүсүнө дүйнөнүн ар тарабынан окумуштуулар катышкан чоң жыйын өткөрүлүп, эстелик катары “Алтай жана түрк-моңгол дүйнөсү” аттуу жыйнак чыгарылган.

                      Анда эмесе мындан аркы сөздү жазуучунун “Ээси бар тоонун кийиктери” аттуу аңгемеси менен уланталы.

Аңгеме Куулгу айылында жашаган эмчи-домчу Бачиматов Кара аттуу карыянын советтер доорунда келген жаңы жашоого болгон көз карашын баяндайт. Эл ичинде карыянын атын атабай баары сый көрсөтүп “аба” дешет. Анын “Кара” атын кобу унутуп коюшкан же билишпейт. Аба бир күнү катуу ооруп калат. Шаман динин туу туткан карыя жана бүтүндөй айыл анын оорусунун себебин өз жээни майор Эрдендин тоо текелерин атканына жооруйт. Ал ыйык делген сууну ичип ага жуунса да оорусу кайтпайт.  Аба ошондо жээнинин кылган кылыгы үчүн тоо ээсинин каарына калып, эми айыкпай турганын боолгойт. Жаман кабар бат тарап айыл эли кооптонуп элеңдейт. Анткени Куулгу айылына кандай жамандык жабышса да Аба ага дааба болуп кууп турчу эле да. Кудайга жалынып, тоо-сууга табынып, оттун ээсине ийилчү. Ал эски киши жамандыктын баарын ошол ээлерди капа кылгандан чыгаарына ишенчү. Бир жолкусунда тоодо от чыгып Куулгу айылынын эли отту өчүргөнү чыгышат. Ошондо оттон корккон кийиктер ары-бери качат. Аны көргөн Сандраш аттуу жигит жөн карап тура албай кийикке ок чыгарган экен. Этин бышырып жеп калганын ээрдин башына илип чылбырды бутуна басып жатат. Аты бир нерседен үркүп ээсин сүйрөп өлтүргөн экен. Бардык нерсенин кудайы бар деп ишенген, Аба бул окуя менен элди коркутуп сөзү өтүмдүү болот. Ошондон баштап эл ар бир маселе үчүн Абага келип кеңешчү болот. Бир жолкусунда Жаңылдай аттуу жигиттин ити өзүнүн бир топ койлорун кырып кетет. Ачуусу келген Жаңылдай итин бакка байлап атып салат. Муну уккан Аба жамандыкка жооруп улуу тоонун астында мылтык атканына кооптонуп башына жамандык келээрин айтат. Ошону менен бирге эл да күтөт. Кийин Жаңылдайдын койу көбөйүп баягы күткөн жамандык келбейт. Абанын айтканы ордунан чыкпай бир топ ыңгайсызданат. Бирок бир күнү Жаңылдай чалынып кетип буту сынат. Муну уккан Аба айтканы ордунан чыгып сүйүнөт. Мына ушул сыяктуу ар бир жамандыктын чоо-жайын Абага сурашкан эл анын ооруп калганынан кооптонот. Өлүм төшөгүндө жаткан жеринде бир күн Эштең аттуу кишинин кызы ой-боюна койбой доктурга алып жөнөйт. Анын оорусу билинип, операция болуп бир айдан кийин айыгып чыгып келет. Көрсө анын оорусу ашказан язвасы болуп чыгат. Ошол учурдан баштап өмүрүндө ишенип келген алдын ала билүүчүктүн чындыгында калп экенин аңдайт. Ушул тажырыйбасынан кийин бир нерсенин ээси бар экенине да ишенбөөнү туура көрөт. Аңгеме Абанын жашоосундагы эски аң-сезими менен жаңы тажырыйбасын салыштырып окурмандарга караңгылыктан алыс болууга жол көрсөтөт.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда соңку алтай адабиятынан кабардар болдуңуздар. Эгерде бул аңгемеге кызыгуу жаралган болсо, анда Сазон Суразаковдун “Ээси бар тоонун кийиктери” аттуу чыгармасын окуп чыгышыңыздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар