Күн тартибине сереп салуу  - 37

Иракта күч күрөшү.

Күн тартибине сереп салуу  - 37

Иракта болгон шайлоодон кийин төрт ай өткөндүгүнө карабастан өкмөт курала алган жок. Ирактагы саясий партиялардын коалиция жана өкмөттү куруу аракеттери улантылууда. Эң көп добуш алган Муктеда ес  - Садр башкарган Саирун кыймылы өкмөттү куруу үчүн маанилүү кадам таштады. Өкмөт куруу Садр кыймылынын лидери Муктеда ес  - Садр лидерлигиндеги Саирун, Ирактын премьер  - министри Хайдар ел  - Ибадинин лидерлигиндеги Наср Аммар, Хеким лидерлигинде Хикмет жана Ияд Аллави лидерлигиндеги Ватаниййе коалициясы төрттүк союздаштык курушкандарын жарыялады. Өзгөчө кээ бир сунни партиялар жана Күрт жаңы муун кыймылы да коалицияга кошулду. Бирок Иракта жаңы өкмөт кабинетинин курулушу үчүн экинчи отурумун өткөргөн парламент жетерлик депутат санына жете албаганы үчүн отурумду 15 -  сентябрга кечеңдетти. Ирактын мурунку премьер  - министри жана Мыйзам мамлекети коалициясынын лидери Нури ел  - Малики менен Фетих коалициясынын лидери Хади Амири да коалиция курушкандарын билдирди. Ирак конститутциясы боюнча эң чоң коалиция өкмөттү куруу менен милдеттендирилип жана эң көп Садр башкарган коалициянын жеңип чыгуу ыктымалы жогору.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү  - жазуучусу Жан Ажундун тема тууралуу баа берүүсү.

Ирак конституциясы боюнча жаңы өкмөттүн курулушу үчүн парламентте өткөрүлө турган биринчи отурумда суннилерден парламент башчысы шайланышы кере эле. Парламенттин төрагалыгы үчүн Энбар губернатору Мухаммед ел   Халбуси, вице  - президент Усаме ен  - Нужейфи, Мухаммед Тамим, Решид ел  - Азави, Ахмед Жубури жана Талал ез  - Зубайинин аттары алдыга чыгууда. Эң чоң эки күрт партиясы Күрдистан демократ партиясы жана Курдистан патриоттор биримдиги болсо бул процессте көз карандысыз болууну тандады жана парламент отурумун бойкот кылуу менен чыгып кетти.

Ирактагы өкмөт куруу процесси бир топ ички жана тышкы колдоолордон таасирленүүдө. Ирактагы бир топ ар башка бөлүктүн саясий, сектанттык жана этникалык бөлүүчүлүктүн ичинде болгондугу көрүнүүдө. Өзгөчө АКШ менен Ирандын ортосундагы конкуренция Ирактагы саясатта абдан таасирдүү болуп жатат. Иран колдогон мурунку Ирак премьер  - министри Нури ел  - Малики да Иран колдогон Хашди Шаби уюму курган Фетих коалициясы Ирак саясатында маанилүү орунду алууда.

Өзгөчө Хашди Шабинин аскердик түзүлүш болушу Иран колдогон коалицияга саясий күчкө кошумча катары аскердик  күч кошууда. Ливандагы Хизбуллахка окшогон бир уюм менен Иран Ирактагы таасир берүүчү аянтын ишеним астына алууга аракет кылууда. Бир тараптан АКШ да Иранды Иракта чектөөгө аракет кылууда. АКШнын ДЕАШ менен күрөшүү боюнча атайын өкүлү Бретт Макгурктун Ирак саясатчыларынын ортосундагы дипломатия өкмөт куруу аракеттеринде таасирдүү. Бретт Макгурктун күрт партиясы Күрдистан  демократ партиясы жана Күрдистан патриоттор биримдиги менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде эки күрт партиянын Иран колдогон коалиция менен бирдикте кыймыл кылышына тоскоол болгондугу айтылууда. АКШ Иракта Садр кыймылынын лидери Муктеда ес  - Садр лидерлигиндеги Саирун, Ирактын премьер  - министри Хайдар ел  -  Ибади лидерлигиндеги Наср, Аммар Хеким лидерлигинде Хикмет жана Ияд Аллави лидерлигиндеги  Ватаниййе коалициясы төрттүк союздаштыкты колдоодо. Бирок өзгөчө Муктеда ес  - Садрдын АКШга карата тескери билдирүүлөрү карым  - катнаштардын маселесиз эмес экендигин көрсөтүүдө.

Ирактагы өкмөт куруу аракеттерин маанилүү кылган башка бир фактор болсо Түркиянын террор менен күрөшү. Ирактагы ПКК уюмуна каршы Түндүк Иракта Чечкиндүүлүк кыймылын уланткан түрк куралдуу күчтөрү ПККнын штабдарын текшерүү астына алууда. Өзгөчө Синжар аймагындагы ПКК уюмуна каршы атайын операциялар менен атууларды ишке ашырууда. Террордук уюмдун аймак командири Улуттук чалгындоо уюму жана түрк куралдуу күчтөрүнүн орток операциясынын натыйжасында улуттук СИХА менен жок кылынууда.

Ирактагы өкмөт куруу аракеттери Түркиянын террор менен күрөшүнө да таасирин тийгизүү потенциалына ээ. Ирак өкмөтү курула турган болсо Түркиянын Ирак менен дипломатиялык сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ПККга каршы операциялардын машстабы кеңейиши мүмкүн. Өзгөчө борбору  Ирак болгон өкмөттүн ПККнын материалдык булактарына жана Синжардагы уюмуна каршы кыймылга өтүшү үчүн Түркиянын кысым жасай тургандыгы күтүлүүдө.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү  - жазуучусу Жан Ажундун пикири.

 

 

 



Тектеш кабарлар