Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-10

Өзбек адабиятынан Абдулла Кадырийдин “Караңгыдан качыш” романы

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-10

 Урматтуу китеп күйөрмандары, “Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар” аттуу программабыздын бүгүнкү чыгарылышын өзбек адабияты менен улантмакчыбыз. Өзбек адабиятынын белгилүү жана биринчи роман жазуучусу Абдулла Кадырийдин тарыхый романы болгон “Караңгыдан качыш” китеби тууралуу кеп кылабыз.

 Кадырлуу окурмандар, алгач автор жөнүндө баяндай өтөлү. Жазуучу Абдулла Кадыри болжол менен 1894-жылы төрөлгөн. Ал өзбек адабиятынын таанымал жазуучусу, алгачкы роман жаратуучусу. Ал тогуз-он жаштарында сабатсыздыгын жойгон. Башка балдардан айырмаланып окууга абдан кызыгып, окуу-жазууну тез эле үйрөнүп алган. Медресе программасын ашып өткөн үчүн мугалимдери аны чоң аалымга жөнөтүшкөн. Чыгармачылык жолу адеп ыр менен башталган. Кийин орустардын Орто Азияга кириши менен Ысмайыл Гаспыралынын “Тилде, пикирде жана иште бирдик” ураанын колдоп газета-журналдарга коомго тийиштүү макалаларын, ой-пикирлерин жазып жүрөт. Бирок элге алгачкы романы “Өткөн күндөрдү” жазганда гана таанымал болгон. Жалгыз гана өзбек эли окубай коңшу элдерге да кеңири белгилүү болгон бул романдын уландысы катарында “Караңгыдан качыш” аттуу экинчи романын жараткан. Азыркы учурда да колдон түшпөй окулган бул романдар бир топ тилге которулуп, киносу да тартылган. Темасы боюнча Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романына жакын “Караңгыдан качыш” романы Кокон хандыгы тууралуу жазылган баян. Түркстанда эл-жерин коргоо максатында жаралган эмгектери үчүн бир топ аалым-жазуучулар 30-жылдардын саясий каргашасы - репрессияга дуушар болушкан. Абдулла Кадырий да бул каргашага туш болуп жогоркудай себептер менен “Эл душманы” аталып, 1938-жылы Ташкентте жашыруун өлтүрүлгөн.

SİNYALБул романда Түркстандагы феодалдык башкаруунун акыркы өрнөгү болгон Кокон хандыгында болуп өткөн окуялар чагылдырат. Чыгармада сарайдагы хандардын жашоосу менен карапайым элдин жашоосу сүрөттөлөт. Ал учурдун заалим ханы Кудаяр хан алдындагы элди каалаганындай башкарып, ага баш көтөргөндөр болсо дароо өлүм жазасына тартылат. Бул дүйнөнүн байлыгына манчыркап, өлкөсүнүн төрт тарабынан гаремине кыз алдырган, ишчи кылып кул жумшаган. Астындагы элди зар какшаткан, кааласа байлыктарын тартып алган. Ошентип сарайдагы жашоо бейиш болуп, карапайым элге кара күн тууган. Ушундай доордо эки жүздүү эшен-калпалар көбөйгөн. Так талашып биринин орун бири казган заман болгон. Жардылыктан кутулуп бутуна тургандар сарайга кызматка кирүүгө умтулган. Мына ушинтип сарайга умтулгандардын бири Салих Махдум аттуу сараң бир мугалим болгон. Салих Махдум жаш кезинен атасынан айрылып кыйынчылык күндөрдү башынан өткөрөт. Үй-бүлөсүн багыш үчүн чакан мектеп ачып, сабак берип атагы чыга баштайт. Байлыгы арткандан баштап ач көздүгү да артып митайым жана сараң болуп чыга келет. Акчаны гана ойлогон Салих үй-бүлөсүн кулдай карайт. Башкы каармандардын бирөөсү Рана – ушул сараң Салих Махдумдун кызы болот. Анвар аттуу экинчи бир башкы каарман жаңы төрөлгөндө эле жетим калып улуу эжеси багып алат. 12 жашка чейин чоңойтуп андан соң Салих Махдумдун колуна тапшырат. Сараң Салих Махдум каалабаса да энесинин өтүнүчү менен баланы багып алат. Жаштайынан акылдуу жана зирек чыккан Анвар Салихтин мектебинде окуй баштайт. Бош убактысында Салихтин иштерине жардамдашат. Ал Салихтин кызы Рана менен чоогу өсөт, жакын дос болот. Ага илимдин көп жагын үйрөтөт. Анвардын Ранадан сырткары медреседе Несим аттуу жакын сырдашы болот. Алардын достугу кыска болуп Несим чечек оорусунан кайтыш болот. Буга аябай кайгырган Анвар Несимдин атасына жакындайт. Атасы да баласынын досуна мээрим төгүп баласынын сагынычын Анвар аркылуу таратат. Несимдин атасы Мухаммет Режеп ошол учурда сарайдын эң кыйын баш катчысы эле. Анварга бир топ илим үйрөтөт. Муну байкаган сараң Салих Махдум пайда жагын ойлонуп жактырбаса да Анварга жакындай баштайт. Анвар менен Рананын достугу сүйүүгө айланганын көргөн Салих, сарайга жакындаш үчүн кызын Анварга берүүнү туура көрөт. Анвар ишин мыкты аткарган үчүн башкы катчы сапарга чыкканда иштерин ага таштачу болот. Ошентип анын аты сарайда да угула баштайт. Аягында Анвар сарайда катчы болуп иштей баштайт. Наамы жайылып хандын да көңүлүн өзүнө бурат. Бул -  сарайда иштеген катчылардын арасында көрө албастыкты жаратат. Көрө албастыктын айынан Анварды колдогон жана ага душман болгон эки топ пайда болот. Бир күнү башкы катчы Мухаммет Режеп дүйнө салат. Эми минтип башкы катчылыктын орду үчүн күрөшүү башталат. Бирок хандын буйругу менен Анвар башкы катчы шайланат. Муну көрө албагандардын ичинде айылдын имамы Абдуррахман аттуу киши болот. Абдуррахман Анвардын жардамы менен сарайга катчы болуп кирет. Бирок ал жактагы Анвардын душмандары менен бир болуп Анварга тузак курат. Сүйгөн кызы Рананы ханга алып бермекчи болушат. Бул иш тездик менен аткарылып жуучулар Рананын колун сураганга барып калышат. Муну уккан ач көз атасы сүйүнүп кызын ханга берүүгө дароо макул болот. Окуяны кеч уккан Анвар үйгө барганда сыртын салган Салих менен беттешет. Мындан кийин бул үйдө ага орун жок экенин түшүнгөн Анвар сүйгөнүнө кат таштап үйдөн чыгып кетет. Тойго эки күн калганда жашыруун жолугушкан ашыктар кыздын өтүнүчү менен качуунун планын ойлонушат. Коконго качкан экөө кийин Ташкентке жайгашышат. Орустар башкарган Ташкентте үч жыл эркин, бирок жакыр жашашат. Үч жылдан кийин хандан кат келет. Катта аларды хан кечиргени тууралуу жазылган болот. Бирок бул да сарайдын бир оюну эле. Кайтып барганда Анвардын тагдыры белгилүү эле, ал жашыруун өлтүрүлөт. Так талашы, көрө албастык, ач көздүк ашкереленген бул романда, өлүмдү көзгө алган Рана менен Анвардын сүйүүсүнүн күчү символдолот. Такка умтулбаган, ар кандай ыпылас интригалардан алыс болгон таза сүйүү даңазаланат.

Урматтуу китеп күйөрмандары, окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан бул роман 57 бөлүмдөн туруп 345 баракты түзөт жана бир канча жолу кайрадан басылып чыгат. Эгер Түркстан тарыхынан кабардар болгунуз келсе анда Абдулла Кадырийдин “Караңгыдан качыш” аттуу бул романын окууңуздарды сунуш кылабыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар