Күн тартибине сереп салуу - 2

Түркиянын батыш дүйнөсүндөгү тышкы саясаты.

Күн тартибине сереп салуу  - 2

Борбору  Батыш болгон глобалдык система  акырындап күчүн жоготуп бара жаткан бирок анын ордуна жаңы бир система азырынча келе элек бир мезгилдин ичиндебиз. Эл аралык тартип жактан баш  - аламан бир мезгил Түркия үчүн каршы чыгуулар менен бирге мүмкүнчүлүктөрдү да алып келүүдө.  Түрк тышкы саясаты кылган аракеттери менен бул баш  - аламан мезгилге көнүү аракетинде болуп жатат.        Түркиянын акыркы жылдарда Орусия сыяктуу жогорулап келе жаткан жаңы күчтөр менен жакшы карым – катнаштарды куруу аракетинде болуп жатканын көрүп бир тараптан да        батыш дүйнөсүнүн ичиндеги бөлүнүүчүлүктөн да пайдаланууга аракет кылгандыгын көрүүдөбүз. Өзгөчө АКШ менен карым  - катнаштарын өнүктүргөн бир мезгилде Түркиянын Франция жана Англия сыяктуу өлкөлөр менен ар башка жаңы     байланыштарга киргендиги байкалууда.  Ушунун негизинде президент Р. Т. Эрдогандын акыркы Франция сапары өзүнчө мааниге ээ болууда. Бул сапардын негизинде Түркиянын Европа Биримдиги менен карым  - катнаштары жана коргонуу өнөр жайындагы кызматташтыгы жактан маанилүү абалдардын болгондугун баса белгилөө керек. Акыркы мезгилде Европа Биримдигине мүчөлүк процесси  Түркиянын өзгөчө референдум процессиндеги  Германиянын тарап жактаган мамилесинин айынан токтогон болчу. Европа Биримдиги парламентинин Түркиянын мүчөлүк процессин токтотуу талабы Европа Биримдиги кеңеши тарабынан кабыл алынбаса да маанилүү бир көрсөткүч катары алдыбызга чыгууда. Макрон болсо Европа Биримдиги жана Түркия тарабынан Европа Биримдигине мүчөлүк процессиндеги эки жүздүүлүктү бир тарапка таштап мүчөлүктүн ордуна өнөктөштүк тууралуу иштөө керектигин жактады. Өзгөчө 15 -  июлдагы ФЕТӨнүн козголоң кыймылынан кийин начарлаган карым  - катнаштарда козголоңчулардын камалышын шылтоо кылган Европа Биримдиги Түркияга Германиядан дагы жакын турган Франция аркылуу жаңы кызматташтык формуласынын талкуусун ачып жатат. Ашыкча оңчул саясий агымдар экономикалык кризистер жана Англиянын Европа Биримдигинен бөлүнүшү себеби менен маселелерди жашап жаткан Европа Биримдиги Түркия менен Англия аркылуу жаңы кызматташтык формулаларын чыгарууга аракет кылып жатат. Германиянын тышкы иштер министри Сигмар Габриэль Англия моделинин Түркия үчүн альтернатив болушу мүмкүн экендигин айткан. Бир тараптан Түркия үчүн Франция сапарын маанилүү кылган эки негизги элемент дагы бар. Биринчиси саясий союздаштардын түрдөнтүлүшү, экинчиси коргонуу өнөр жайында кызматташтыктын арттырылышы.

АКШ менен ПКК/ЙПД тууралуу маселелерди жашап жаткан Түркия Трамптын Кудусту Израилдин борбор шаары деп жарыялашынан кийин эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштар абдан начарлады. Түркиянын жол башчылыгында БУУда АКШга каршы тарыхый бир чечимдин чыгарылышы тараптардын ортосундагы келишпестикти дагы да күчтөндүрдү. АКШ менен карым – катнаштар начарлаган мезгилде Түркия тышкы саясатта батыш дүйнөсүндө союздаштардын түрдөнтүлүшүнө карата кадамдарды таштады. Европа Биримдигинде Голландия жана Гремания менен карым  - катнаштары начар болгон мезгилде Англия жана Франция менен карым  - катнаштарын улантып жаткан Түркия эл аралык актерлордун арасында тең салмактуулук саясатын жүргүзүү менен өз улуттук кызыкчылыктарын максималдуу кылууга аракет кылууда. Англиянын Европа Биримдигинен чыккан чечимди чыгарышы менен Франция жана Германия күчтүү болгон Европа Биримдигинде Германияга салыштырмалуу Түркия менен карым  - катнаштарды рационалдуу негизде алдыга жылышы керектигин жактаган Франция менен Түркиянын карым  - катнаштары оң багытта улантылууда. Түркия үчүн Франция менен кызматташтык Греманиянын Түркияга карата акыркы мезгилдеги тескери мамилесине альтернатив катары көрүнүүдө.

Франция сапарынын башка бир маанилүү жагы коргонуу өнөр жайындагы кызматташтык. EUROSAM менен коргонуу өнөр жайынын кеңешчилигинин ортосунда узун аралыктуу аймак абадан жана ракеталык коргонуу системасы проектисинин В келишимине президент Эрдоган менен Франциянын президенти Макрондун алдында кол коюлду. Италия да өнөктөш болгон аба жана ракеталык коргонуу системасынын проектиси Түркия үчүн абдан чоң мааниге ээ. Орусиядан S-400 абадан жана ракеталык коргонуу системасын алууну аяктаган Түркия ошол эле учурда НАТО союздаштары менен бирге өзүнчө аба жана ракеталык системаны чыгарууга аракет кылууда. Ушундайча аба аянтын бирден ашык түрдүү системалар менен коргоону максат кылган Түркия ыктымалдуу түрдө бардык тараптан келе турган коркунучка карата чара көргөн болуп жатат. Коргонуу өнөр жайында акыркы мезгилдерде маанилүү проектилерге кол койгон Түркия эл аралык тышкы саясатындагы союздаштыктарды түрдөнтүү саясатын коргонуу өнөр жайына да чагылдырууда. Германия жана АКШ менен узун убакыттан бери келе жаткан коргонуу өнөр жайындагы кызматташтыктын саясий кысым каражаты катары эки өлкө тарабынан колдонулушуна карата Түркия Англия, Франция, Орусия, Украина, Пакистан жана башка өлкөлөр менен кызматташтыгын өнүктүрүп, бир тараптан кызматташтыгын түрдөнтүүдө. Ошондой эле улутту коргонуу өнөр жайын күчтөндүрүү менен тышка болгон көз карандылыгын азайтууда.

Президент Р. Т. Эрдогандын Франция сапарында жогоруда айтылгандар менен бирге көп сандаган маанилүү келишим дагы түзүлдү. Түрк EXIMBANK жана Bpifrance Assurance Export ортосунда келишимге кол коюлду. Айрыкча Airbus жана түрк аба жолдорунун ортосунда А 350 – 900дү сатып алуу сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн макулдашуу келишимине кол коюлду. Акырында Түркия батыш дүйнөсүнүн ичиндеги бөлүнүүчүлүктөн пайдаланып жаңы союздаштыктарды  түзүп, өз кызыкчылыгын алдыга чыгара турган кадамдарды таштоону улантууда. Бул кадамдар Түркиянын колун АКШ  - Германия сыяктуу өлкөлөрдүн алдында дагы да күчтүү кылып жатат.

 



Тектеш кабарлар