Кутубузга кат келди-23

"Кутубузга кат келди" аттуу программабыздын кезектеги чыгарылышы.

Кутубузга кат келди-23

Урматтуу окурмандар, мурдагы программаларыбызда белгиленибиз сыяктуу «Түркия үнү» радиосунда угармандар сиздерден келген каттарды кайра сиздерге жана башка угармандарга угузуучу «Кутубузга кат келди» аттуу программабызды улантабыз. Бул программага угармандар өздөрүнүн каалоо-тилектерин, эскермелерин, Түркия тууралуу эсинде калган окуяларын жаза алышат.

Бүгүнкү программабызда  Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти Аяна Байтемированын эскерме катына орун беребиз. ТРТ менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында жыл сайын ийгиликтүү окуучулар ТРТга иш-тажрыйбасын алууга жөнөтүлүп турат. Быйылкы ийгиликтүү студенттерден бири Аяна Байтемирова болгон. Анда Аянанын катына кезек берели:

 

                                                 «Кыялдар орундалат

Мени бирөө карап турганын сездим…Бирок таттуу уйкудан  көзүмдү ача албай жата бердим. Качан гана апамдын алаканы чекемди сылап, жүзүмөн өпкөндө гана ойгондум. Көзүмдү ачсам апам жылмайып мени карап отуруптур. «Тур кызым, мобуну почточу эжең таштап кетти» деп колума кагаздарды  таштап  чыгып кетти. «Эмне болду экен?»  деп карасам  жогорку окуу жайдын брошюрасы экен. Он биринчи классты бүтүп жатканыма байланыштуу почточу эжем  окуу жайлар тууралуу эмнени көрсө мага ала келчү. Баарын окуп чыгып эң аягындагы сапка көзүм көбүрөөк  токтоп калды. Себеби ал жерде жакшы  окуган студенттерге чет өлкөдө  практика өтөөгө мүчкүнчүлүк берилет деп жазылып  турган. Эхх.. деп ичимден  бир саамга  кыялданып кеттим. Бирок кантип бара алмак элем деп койдум кайра.

Көрсө бул окуя көп жакшылыктардын  башталышы гана экен. Окууну жалаң  бешке  аяктадым. Өзүмө жаккан окуу жайга тапшырдым. Ал жерден да студенттердин алдыңкысы болуп Түркияда акысыз практика өтөөгө жолдомо алдым. Жолдомо дегенимдин себеби учак билеттерин дагы университет каржылап берди. Ошентип жай  айларында Анкарада болдук. Мен кичинекейимде бийик-бийик Ала-Тоолорду карап Кыргызстан дүйнөдөгү эң чоң өлкө деп ойлочумун. Көрсө Анкаранын калкынын саны гана 6 миллион экен, ал эми бүтүндөй Түркиянын калкы айтпасам деле белгилүү болсо керек. 80 миллионго чамалап калыптыр. Ал жерден менин дүйнөгө болгон көз карашым өзгөрдү. Мага баардыгы кызык  жана бейтааныш болду. Жада калса базарлары, көчөдө кетип бара жаткан адамдары, деңиз жана анын үстүндө кайкып учкан ак чардактар…..Алгач эле көзүмө урунган нерсе бул адамдарынын кичипейил, сылыктыгы таң калтты. Жөнөкөй эле мисал; көчөдөн бирөөнү токтотуп  бир адрести сурасаң, жөн гана айтып койбой ээрчитип барып ошол  жерге жеткизип коет. Бир кезде ойлонуп да койчумун. Мүмкүн бул деле барып өлкөнүн экономикасына такалаттыр. Бизде деле жумуш орду көп болуп, маянабыз жогору болсо биз деле көчөдө жайдары күлүп эч нерседен кам санабай басып жүрбөйт белек. Эне-аталар  чет өлкөлөбөй, балдарына тарбия берип  уйдө отурбайт беле. Аттиң дүнүйө!

Эми кепти кесип темасына  бурайын. Биз журналист болгондуктан Түркиянын улуттук каналы ТРТда иш-тажрыйбасынан өттүк. Ал жерде 10 миңдей адам иштейт. Техника жагынан алганда биздикиндей эле. Болгону айырмасы шарттарында. Чыгармачылык менен иштөөгө баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бизде бир адам диктор, корреспондент, редактор кээде монтажердун деле жумушун аткарып калат. Ал эми ТРТда бул милдеттерди өз өзүнчө адам аткарат. Ошондуктан шашпай, майын чыгара жасайт. Анын жыйынтыгында сапаттуу чыгарылыш пайда болот. Биз ал жерден «Ийгиликтүү кыргыздар» деген  документалдуу кино тарттык. Тартуу процесси учурунда  өзүмө өзүм ыраазы болуп, көңүлүм жылыды. Себеби ийгиликти багындырган   мекендештерибиз  көп экен. Чоң жеке менчик, абройлуу  оорукананын хирургу, ТРТда өз ишин мыкты  билген журналист, дикторлор, Анкаранын чок ортосуна кыргыз кафесин ачышкан, дагы бир далай бизнес өкүлдөрү бар экен. Анан кантип сыймыктанбайсың? Арийне бизге окшогон жаштар чет өлкөдөн билим, тажрыйба алып келип аны  мекенибизде колдонсо Кыргызстан өнүгөт. Ошентип Түркиянын чоң-чоң шаарларын кыдырып эс алып да келдик. Бул жай  биз үчүн унутулгус болуп өтүүсүнө ал жерде иштеген кыргыз агайларыбыз себепкер болду. Мекендештери үчүн ак эткенден так этип бизди көзөмөлдөп  жүрүштү. Жараткан бир жакшылыкка сөзсүз бирөөнү себепкер кылып ал аркылуу берет деген  ушул эмей эмне? Мындан ары да ар бир ойлогон оюбуз ишке аша берсин. «Пенденин оозундагы кудайдын кулагында» деген сөз бекеринен айтылбаган чыгаар». Аяна Байтемирова

Аянанын жазган катын окуп олтуруп мен дагы өзүмчө кыялга баттым. Ушул Түркияга канчалаган жаштар келип билим алып, тажрыйба алып кетип жатышат. Ушулардын үйрөнгөн нерселеринин Кыргызстанга шыбагасы тийип жатты болду бекен? Же болбосо бекер эле жан үрөп, адамдарды көз боочулукка жөнөтүп жатабы? деген ойлор келбей койбойт. Аяна айткандай аттиң Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирип, кызматкерлердин жана жумушчулардын маянасы көтөрүлүп, чет элдерге жумуш издеп кетүүлөр бачым эле токтосо деген тилек. Бир аз мурда интернеттен бир жаңылыкты окуп калып ага да өзүнчө зээн кейиди. «50 күндөн бери бөйрөгү иштебей ооруканада жаткан кыргыз кызы көз жумду» дейт. Өлкөбүз ар тараптуу өнүксө, аны менен катар медицина да өргө чыкмак. Анан чет өлкөгө барып дарыланган бейтаптар Кыргызстанда дарыланышмак. Мунун баарын ойлоп олтуруп жаңы президент шайланды, эми андан элдин күтүүсү чоң болоорун кошумчалай кетейин...Чет жерде жүргөн кыз-келиндерди, кырчындай жаш жигиттерди жумуш орундары менен камсыздап өлкөгө алып келүүнүн убагы келди...Жаңы президент жана өкмөткө ушул жаатта ийгилик каалайлы...

Ал эми Аяна ТРТ мекемесинде тартиптүү,тыкан, үйрөнүүгө умтулган жүрүм-туруму жана жылмайган жүзү менен биздин эсибизде калды.  Теле тармагында өзүн келечектин кесип ээси катары көрсөтөт деген ниеттебиз. Окууларында жана мындан аркы кесиптик жолунда албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.

Эми бизге келген бир катка орун бере кетсек;

Урматтуу  Түркия уну радиосу, 

Сиздерге чон Рахмат! Мен учун бул абдан чон белек болду, чындыгында мен белекке ээ болом деп куткөн эмесмин. Бирок абдан кубанып жатам! 

Саламат Дүйшөнбү

 

 

 



Тектеш кабарлар