Москвада "Түркия фестивалы" башталды

Мехмет Эрсой, Орусиянын борбор шаары Москвада уюштурулган «Түркия фестивалынын» ачылышын жасады.

Москвада "Түркия фестивалы" башталды

Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Эрсой, Орусиянын борбор шаары Москвада уюштурулган «Түркия фестивалынын» ачылышын жасады.

Маданият жана туризм министрлигинин карамагында Түркия Отелчилер федерациясынын (TÜROFED) салымдары менен быйыл экинчиси уюштурулган фестиваль Москванын эң престиждүү парктарынан Красная Пресняда ачылды.

Министр Эрсой, фестивалдын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө өткөн жылы ошол эле жерде ишке ашкан Түркия фестивалына тыгыз кызыгуу болгонун, мунун кубандыруучу болгонун белгилеп, «Катышуу жогору болгон убакта бизге да бул карым-катнаштарды күчтөндүрүү, мындай уюштурууларды өнүктүрүп улантыш үчүн дем күч берет. Жыл сайын дагы чоң шыктануу менен бул иш-чараларды өткөрүүнү каалайбыз»,-деди.

Фестивалда Түркиянын туризмин көп жагдайы менен кошо түшүндүрүүнү максаттагандарын айткан Эрсой: «Бул жерде түрк маданиятын, искусствосун, музыкасын, гастрономиясын, Түркиянын айырмачылыктарын, түрдүүлүктөрүн сиздерге таанытабыз»,-деп айтты.

Красная Пресня паркында 12-августка дейре улана турган фестивалдын алкагында, Түркиянын турситтик аймактары таанытылат. Айрыкча түрк маданиятын чагылдырган концерттер жана элдик бийлер менен кол өнөрчүлүк семинарлары да ишке ашырылып, гастрономия жана спорт сыяктуу көп сандаган тармакта ар түрдүү иш-чаралар келгендерге тартууланат.



Тектеш кабарлар