Измир фестивалы 26-майда башталат

Концерттер менен баштала турган фестиваль 7-июлга чейин уланат.

Измир фестивалы 26-майда башталат

Измирдеги Маданият, көркөм өнөр жана билим берүү фонду уюштурган 32-Эл аралык Измир фестивалы 26-майда башталат.

«Ахмет Аднан Сайгын» атындагы көркөм өнөр борборунда өтө турган ачылыш аземинен кийин дирижёр Азиз Шохакимовдун жетекчилиги астында «Текфен» филармониясынын оркестри жана Чарли Сиемдин концерти менен баштала турган фестиваль 7-июлга чейин уланат.

«Текфен» филармониясынын оркестри дирижёр Азиз Шохакимовдун жетекчилиги астында ачылыш концертин берет. Концерттин экинчи бөлүмүндө оркестр, англиялык скрипач Чарли Сиемге Чайковскийдин Ре Мажор репертуарында коштоп турат.

Бир тараптан үчүнчүсү өтүп жаткан «Измир Эл аралык адабият фестивалы» да 4 материктеги 9 өлкөдөн акын жана жазуучулардын катышуусунда уланып жатат.

Маданият паркта уюштурулган жана 27-майга чейин улана турган фестивалда ар кайсы өлкөлөрдөн катышуучулар, измирдик адабият сүйүүчүлөр менен жолугушат.



Тектеш кабарлар