Эрдоганга Эл аралык Тынчтык сыйлыгы ыйгарылат

IPAдин жооптуу кызматкерлеринин Түркия үчүн чыгарган чечимин Керем Хасаноглу жарыялады.

Эрдоганга Эл аралык Тынчтык сыйлыгы ыйгарылат

Эл аралык Педиатрия бирикмеси (IPA) качкын балдарга карай кызматтарынан улам президент  Режеп Таййип Эрдоганга «Эл аралык Тынчтык сыйлыгын» берүү боюнча чечим чыгарды.

IPAдин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда мекеменин тышкы саясат боюнча дирекетору Керем Хасаноглунун чакыруусу менен Түркияга келген IPAдин башкаруусу, качкын балдар үчүн жумшалган эмгектерди иликтөө мүмкүнчүлүгүн тапты жана баш калкалоочулар үчүн салынган лагерлерди кыдырды.

Сапардан кийин IPAдин жооптуу кызматкерлеринин Түркия үчүн чыгарган чечимин жарыялаган Керем Хасаноглу, башкаруунун президент Эрдоганга качкын балдарга тиешелүү кылган иштеринен улам «Эл аралык Тынчтык сыйлыгын» ыйгарууга чечим чыгаргандарын билдирди.

Хасаноглу, IPAнын төрагасы жана башкаруучуларынын Эрдогандын жетекчилигинде бир топ баланын өмүрүнүн сакталышы жана жашоо укугуна ээ болушунан абдан таасир алганын бул сөздөр менен айтты: «Анткени бир топ өлкө кайдыгер калган бул темада Түркия өзү жалгыз 1 миллион 500 миңден ашуун ымыркай жана балдарга каалгаларын ачып, аларды конок кылды, алардын өлүшүнө уруксат берген жок. Дүйнөдөгү бир топ өлкө бул абалды көрмөксөнгө салып жатканда, урматтуу Эрдоган лидерлик кылган Түркия, бул бейкүнөө балдардын өмр сүрүшүн камсыздады. Бул өткөрүп жиберилсе болбой турган тема. IPA, дүйнөлүк балдардын жашоо укугуна кошкон салымдарынан улам урматтуу Эрдоганга Эл аралык Тынчтык сыйлыгы берилишине чечим чыгарды жана бул чечим тууралуу маалымат министрликтерге билдирилди. Урматтуу Эрдоганга дүйнөнүн эң чоң бала ден-соолугу мекемесинин атынан балдардын жашоо укугу үчүн көрсөткөн чоң аракети үчүн ырахматыбызды айтабыз».

1 миллиондон ашык бала доктурлары мүчөсү болгон IPA, 140 өлкөдө активдүү кызмат кылууда.



Тектеш кабарлар