Мерт Фырат БУУнун жакшы ниет элчиси

Мерт Фырат жакшы ниет элчиси болуп шайлануудан ыраазы экендигин билдирди.

Мерт Фырат БУУнун жакшы ниет элчиси

Актёр Мерт Фырат БУУнун Өнүгүү программасынын жакшы ниет элчиси болду.

Стамбулга келген БУУнун Түркия туруктуу координатору жана ПРООНдун Түркия туруктуу өкүлү Айрин Вожакова – Соллорано Мерт Фыраттын узун убакыттан бери ПРООН менен иштегендигин белгиледи.

ПРООНдун 50 жылдан бери Түркияда өнүгүүгө колдоо бергендигин айткан Айрин Вожакова  - Соллорано : «Мерт Фырат да эки жылдан ашуун убакыттан бери биз менен бирдикте колунан келгенди аткарууда. Ошондуктан Мерт Фыратты БУУнун Өнүгүү программасынын Түркиядагы жакшы ниет элчиси катары тандоо биз үчүн кыйын болгон жок. Жакшы ниет элчиси жөнөкөй нерсе эмес. Бул кишинин ар башка болушу керек. Тактап айтканда улантууга боло турган өнүгүү пикирине өзүн бериши керек»,- деди.

Мерт Фырат да жакшы ниет элчиси болуп шайлануудан ыраазы экендигин билдирип : «Бул жоопкерчиликти алуу мени абдан толкундантты»,- деди.

Фырат : «Түркия аткарган иштеринен улам дүйнөдө бир топ жерде үлгү катары көрсөтүлүп, биздин аткара турган темаларыбыздын бирөөсү да сириялыктар болот. Интеграция жана бирдикте жашоо маданияты боюнча иштейбиз»,- деди. Аземде Айрин Вожакова  - Соллорано актер Фыратка жакшы ниет элчиси сертификатын берди.



Тектеш кабарлар