Антальяда курулган мега яхта

Люкс яхта жаңы технология менен жабдылган.

Антальяда курулган мега яхта

3 жылдын ичинде курулду, 30 миллион еврого америкалык бир ишкерге сатылды.

Антальяда өндүрүлгөн мега яхтанын узундугу 47 метр жана үстүндө тик учар конуучу тилкеси да бар.

5 уктоочу бөлмөсү бар яхтада 19 киши коноктолсо болот.

Мега яхта Анталья портундагы Эркин экономикалык зоонада курулду.

Океандарды ашып өтө алган ультра люкс яхтанын баасы болсо өтө кымбат.

30 миллион еврого сатылган мега яхта аймакта чыгарылган эң кымбат баалуу люкс кеме болуп саналат.

Мега яхтага тик учар аркылуу да учуп барса болот.

65 тонналык күйүүчү май көлөмдүү яхта жаңы технология менен жабдылган.

Яхтанын ичиндеги ар бир кабаттагы жарыктандырууларды уюлдук телефон же планшет менен иштетсе болот.

Камера жана алыстан башкаруу системалары эң акыркы технологиялар.

Антальядагы Эркин экономикалык зоонада 2018-жылдын биринчи 7 айында орто эсеп менен 100 миллион долларлык яхта курулду.



Тектеш кабарлар