Moody'sке карабастан Түркия жолун улантат

Каржы министри Нажи Агбал, Эл аралык насыя рейтинг баасын берүүчү мекеме Moody'sтин Түркия тууралуу бир жакка тартып жана саясий чечим чыгарууларына сереп салды.

Moody'sке карабастан Түркия жолун улантат

Каржы министри Нажи Агбал, Байбуртта журналисттердин күн тартип тууралуу суроолоруна жооп берди.

Агбал, Эл аралык насыя рейтинг баасын берүүчү мекеме Moody'sтин Түркия тууралуу бир жакка тартып жана саясий чечим чыгарууларына сереп салды.

Moody'sтин бир жерден буйрук алгансып Түркия тууралуу негизсиз терс чечимдерди чыгарганын белгилеген Агбал, ушундай жарыялоолордун инвесторлорду атайылап жаңылтууну максаттаганын белгилеп өттү.

Агбал, Moody'sтин Түркия экономикасынын кирешелерин, күчүн, мүмкүнчүлүктөрүн, олку-солкулуктарга чыдамдуулугун көрмөксөнгө салганын айтты.

Агбал: «Ушул жагынан алганда ансыз деле Moody'sтин отчетторун эч ким эске алган жок. Бүгүн ар кимдин айткан бир нерсеси бар; Moody's ушундай отчетторду жарыялоо менен өзүнүн аброюн жоготууда. Эч ким бир өлкөнүн экономикасы тууралуу туура эмес, негизсиз отчетторду жарыялап, ал өлкөнүн экономикасына  ушундай өзүм билемдик жарыя менен зыян тийгизүүгө мүмкүнчүлүк бербеши керек. Керек болсо бул тема тууралуу бардык укуктук жолдор да колдонулат»,-деп айтты.

Министр Агбал, 2018-жылдын алгачкы эки айы тууралуу экономикалык көрсөткүчтөр, инвестиция, өндүрүш жана жумуш менен камсыздоодо оң баратканын айтты.

Агбал: «Түркия жолун улантат. Moody'sтер сүйлөй берет, бирок Түркия жолун улантат»,-деди.



Тектеш кабарлар