Дүйнөлүк басма сөз 14.05.2018-18.05.2018

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтардын башкы темалары.

Дүйнөлүк басма сөз 14.05.2018-18.05.2018

AP маалымат агенттиги: «Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын эл аралык коомчулукту көз жаздымда калтырып, мыйзамдарды жана адилеттүүлүктү урматтабаганын айтты».

АКШ Turkish American веб-сайты: «Президент Эрдоган, палестиналыктарга жасалган адилетсиздиктерди тарых менен адам баласынын эч качан кечирбей турганын белгиледи».

АКШ Turkish American веб-сайты: «Түркия Франциянын борбор шаары Парижде жуманын аягында болгон террордук кол салууну айыптады».

Орусия Спутник веб-сайты: «Маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш, жылдын биринчи чейрегинде туристтердин саны жана туризм кирешеси жагынан рекорд коюлгандыгын белгилеп, быйыл 40 миллион турист жана 32 миллиард долларлык туризм кирешеси түшөөрүн айтты».

Иран Фарс маалымат агенттиги: Президент Эрдоган Англиянын премьер-министри Тереза Мэй менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйында: «Израиль баскынчы жана террор мамлекети болуп саналат»,-деди.

Франция борбордуу Euronews: «Президент Эрдоган Англияга сапарынын алкагында бул өлкөдө Премьер лигада ойногон түрк футболчулар Женк Тосун, Месут Өзил жана Илкай Гүндоганды кабыл алды».

Англия Reuters маалымат агенттиги: «Президент Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоганды Лондондо ханыша Елизавета тосуп алды».

Германия Deutsche Welle медиа мекемеси: «Президент Эрдоган Газада ондогон палестиналык Израиль аскерлеринин огунан шейит болгон окуялардын себебинен катуу каршылык көрсөттү. Эрдоган: «Израилдин жасаганы геноцид болуп саналат»,-деди.

Иран Parstoday радио жана интернет сайты: «Газада кыргын салган Израиль режиминин Түркиядагы элчисинен Анкарадан өлкөсүнө кетиши талап кылынды».

АКШ Turkish American веб-сайты: «Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен 4-июнда Вашингтондо жолугат».



Тектеш кабарлар